Жанылыктар

“ANATOMICUM”, 2019, ноябрь: “НОРМАТИВДИК ТАЛАПТАРДЫ АТКАРУУНУН ПРОБЛЕМАЛАРЫ” (ОШМУНУН РЕКТОРУНУН №1166- БУЙРУГУ)

ОшМУнун ректорунун №1166-чы буйругуна ылайык белгиленген мөөнөткө “Анатомия, гистология жана нормалдуу физиология” кафедрасы тарабынан кадрлар жана окуу-методикалык жактан камсыздалышы боюнча аналитикалык маалыматты даярдоо иштери белгиленип, эң алгачкы иш-чаралар катары милдеттүү окуу адабияттары, анатомиялык пластинациялык препараттар, биоимпеданстык анализатор, морг каанасы жана препаратордук каана башчысы окуу-көмөкчү штатын ачуу иштери камтылган билдирүүлөр даярдалды. Белгилей өтсөк, кафедранын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында жакында эле кафедрага 1 даанадан тулку бой торсу (анатомиялык комплекстик муляж препараты), сөөк комплектиси жана микроскоп алынып келинди.
1351 11:24 25-11-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|