Жанылыктар

Бизнес жана менеджмент факультетинин деканынын профессордук-окутуучулук курам жана студенттер менен онлайн жолугушуусу болуп өттү

2020-жылдын 29-декабрь күнү Ош Мамлекеттик Университетинин "Бизнес жана менеджмент" факультетинин деканы э.и.к.,доцент Т.М.Исраиловдун жана декандын окуу-тарбия иштери боюнча орун басарларынын факультеттин жалпы профессордук-окутуучулук курамы жана студенттер менен кышкы сессиянын алдында "Таза сессия-Таза коом" чакырыгында онлайн форматта атайын жолугушуу болуп өттү. Мында онлайн форматтагы окуунун артыкчылыктары жана жетишпестиктери, экзамендердин тапшырылуусу жана жалпы эле окуунун адаттагыдай (оффлайн) форматка өтүлүүсүнүн жолдору боюнча студенттерге толук маалыматтар жеткирилип, андан сырткары стунтерди кызыктырган очундуу суроолорго жооп бергенге аракеттер жасалды.
690 16:27 29-12-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|