Объявления

Абитуриенттер үчүн стендтин формасы

УРМАТТУУ ОшМУнун структура жетекчилери!
ОшМУнун башкы корпусунун алдындагы факультеттер жөнүндө маалыматтар чагылдырылган стенддерди 2015-жылдын 11-апрелине чейин (“Билим майрамына” карата) жаңы форматта жаңылообуз зарыл. Ошондуктан факультеттин (институттун, колледждин, лицейдин) жетекчилерин тез арада төмөндө көрсөтүлгөн формадагы тексттик жана фото материалдарды (электрондук түрдө) кабыл алуу комиссиясына тапшырууңуздарды суранабыз. Тексттик материалдар факультет (институт, колледж, лицей) ж-дө абитуриент кызыгып, маалымат ала тургандай кыска мазмунда болуусу керек. Окуу процессин уюштуруудагы өзгөчөлүктөр (миссия, кредиттик технология, окутуунун натыйжаларына багыттап окутуу, ички, сырткы мобилдүүлүк ж.б.у.с.) эске алынуусу зарыл. Маалыматтардагы грамматикалык жана стилисттик каталарга кабыл алуу комиссиясы жооп бербейт.
Тексттер А4 форматындагы 5 бөлүктөн турат:
1) Факультеттин (институт, колледж, лицей) тарыхы, миссиясы;
2) Профессордук-окутуучулук курам, илимий-изилдөө багыттары;
3) Окуу-усулдук, маданий-тарбиялык иштер жана материалдык-техникалык база;
4) Адис даярдоого кызыкдар тараптар менен байланыш (иш берүүчү тарап: өндүрүш, мектеп, клиника, ж.б.) эл аралык байланыштар.
5) Факультеттеги багыттар/адистиктер.
Таблица түрүндө, лицензия боюнча гана (багыттын/адистиктин аталышы, шифри, окуу формасы, окуу мөөнөтү)
Фото материалдар санариптик аппарат менен сапаттуу формада тартылуусу керек:
1) 15х20 өлчөмүндөгү туурасынан жайгашкан (горизонталдык) формадагы окуу корпусунун же коллективдин сүрөтү 1 даана;
2) 10х15 өлчөмүндөгү тигинен жайгашкан (вертикалдык) формадагы структура жетекчисинин сүрөтү 1 даана;
3) 10х15 өлчөмүндөгү тигинен жайгашкан (вертикалдык) формадагы сүрөт 1 даана;
4) 10х15 өлчөмүндөгү туурасынан жайгашкан (горизонталдык) формадагы факультеттин турмушун чагылдырган 4 даана сүрөт.

Эскертүү: Суроолор боюнча Жээнбаев Нурланга 2-45-25, 0773447530 телефондоруна кайрылыңыздар.
Стенддин формасын ушул жерден жүктөп алсаңыз болот.
8937 14:43 03-04-2015

                 

Объявления

|< 1 >|