Жанылыктар

Маанилүү маалымат! Жалпы республикалык тестти тапшыруу үчүн эмнелерди билүү керек.

Тестке кирүү үчүн катышуучу каттоодон өтүп, колунда төмөнкү документтер болушу зарыл: Тестке каттоо жүргүзгөн окуу жайдын же билим берүү мекемесинин мөөрү басылган жана катышуучунун сүрөтү чапталган тестке кирүү талону; Инсанды күбөлөндүргөн документ: паспорт же, эгерде Катышуучу 16га чыга элек болсо, туулгандагы тууралуу күбөлүк жана окуган жеринен берилген маалымкат (справка). Маалымкатта Катышуучунун сүрөтү чапталып, сүрөттүн бурчуна окуу жайдын мөөрү басылып, окуу жайдын жетекчисинин колу менен тастыкталышы керек. Тест өтүп жаткан учурда Катышуучунун столунда төмөнкү гана нерселер болушу мүмкүн: Инсандыгын күбөлөндүргөн документ; Тестке кирүү талону; Жайылбай жакшы жазган кара же көк түстөгү калем; Тест дептери; Жооп барагы; черновик (негизги тесттин "Математика" бөлүмүндө жана химия, биология, физика, математика жана тарых боюнча предметтик тесттерде). Саналган нерселерден башкалары Катышуучунун столунда болбошу керек! Катышуучулардын жеке буюмдары жоголуп кетсе, тесттин администраторлору материалдык жоопкер эмес. Тесттин катышуучусу төмөнкүлөргө укугу жок: тест өтүп жаткан учурда же танапис учурунда жанында уюлдук телефон, калькулятор, калькулятору бар саат, камера, фотоаппарат же башка электрондук нерселерди же байланыш каражаттарды, эгерде алар иштебеген болсо да, же Катышуучу аны менен пайдалана турган болбосо да алып жүрүүгө. Тесттик мезгилде бирөөнөн көчүрүүгө, тест дептерлериндеги, жооп баракткарындагы материалдарды, черновиктерди сүрөткө тартууга же башка кандай жол менен болбосун көчүрүүгө, аларды башка адамдарга берүүгө катуу тыюу салынат! “Тесттик мезгил” деген учур – бул үстүбүздөгү жылы Кыргыз Республикасынын аймагында Жалпы республикалык тесттин өтүп жаткан бүт учуру. Тесттик мезгилдин убактысы тест башталган биринчи күндөн тартып акыркы тесттин бүткөн күнүнөн кийинки күнү аяктайт. 2016-жылы тесттик мезгил 17-майда башталып, 25-июнда аяктады; Ушул же башка эрежелерди бузган учурда (кененирээк бул жерде) Катышуучу өтүп жаткан жылы тестти кайрадан тапшыруу укугунан ажырап, дисквалификацияланат.
4032 11:43 20-02-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|