Жанылыктар

"МУГАЛИМДЕРДИН БАЛДАРГА БОЛГОН СҮЙҮҮСҮНӨ, МЭЭРИМИНЕ БАА ЖЕТПЕЙТ"

"МУГАЛИМДЕРДИН БАЛДАРГА БОЛГОН СҮЙҮҮСҮНӨ, МЭЭРИМИНЕ БАА ЖЕТПЕЙТ" Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата Билим берүү жана илим министри К.А. Исаковдун куттуктоосу Ардактуу мугалимдер, кадырлуу кесиптештер! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы менен чын жүрөгүмдөн куттуктаймын! Сиздер элибиздин башына кандай кыйын кысталыш күндөр келсе да, кабагым- кашым дебей, мугалимдик улуу касиетиңиздер менен жоктон бар кылып, караңгыдан жол таап, изденүү жана умтулуу менен балдарыбызга билим берүүнүн түрдүү усулдарын жаратып, мугалим деген улууатты бийик кармап келе жатасыздар. Мугалимдик эрктүүлүгүңүздөр, балдарга болгон сүйүүңүздөр, кесиптик ар-намысыңыздар, акыл- эстүү көз карашыңыздар, коомубузга позитив берип, келечегибизге карата ишеним жаратат. Кандай сыноолорго тушуксак да, сабырдуулук жана чыдамкайлык менен, мугалимдик касиетти бийик тутуп, устаттык вазийпаны бек кармап, коомдо адамдарды бириктирүүчү күчүңүздөр менен, өлкөбүздүн адам капиталын өнүктүрүүгө татыктуу салымыңыздарды кошуп келе жатасыздар. Кыргыз педагогикасынын тарыхы терең,кылымдар бою агартуучуларыбыз, ойчулдарыбыз, акындарыбыз жаштарды тарбиялоого, балдардын дүйнө таануусун өстүрүүгө, парасатын арттырууга өзгөчө маани берип келишкен. Ал эми өткөн кылымда дүйнөлүк педагогиканы өздөштүрүп, улуттук педагогиканын салттуу тажрыйбасы менен байыттык. Эл мугалимдерибиз жеке өрнөк, үлгүлөрү менен билим берүүнү өнүктүрүштү. Турмуштагы каарман мугалимдердин протиптери аркылуу адабиятыбызда мугалимдердин жаркын образдары жаралды. Дүйшөн аркылуу эң алгачкы мугалимдердин үлгүсүн көрсөк, Инкамал апай аркылуу согуш мезгилиндеги мугалимдердин кажыбас мээнетин көз алдыбызга тартабыз. Окуткан окуучуларына мезгил өткөндөн кийин баа берип - мезгил, чөйрө алардын көз караштарын өзгөрткөндүгүн көрүп, жан дүйнөсүнүн элегинен өткөрүп, күйгүлтүккө түшкөн Айша апанын образы чыныгы мугалимдердин руханий турпатын көрсөтүп турат. Тарыхтын ар бир бүктөмүндө мугалимдер коомдун авангарды болуп келишкен. Aл эми пандемия мезгилинде да мугалимдердин жаңы образы жаралды. Биз Сиздер менен билим берүүнүн тарыхындагы эң кызыктуу учурду башыбыздан өткөрүп жатабыз. Окуучуларга аралыктан билим берип, жаңы технологияларды өздөштүрүп, санарип мугалимдин жаңы муунун жараттык. Албетте, жаңы нерсеге дайыма коомдо сындар айтылат. Бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бул иш аракетибиз аргасыздыктан чыгуунун жолу болду. Бирок кыргыз билим берүүсү бир топ инновациялык тажрыйбаларды, жаңы технологияларды, компотенцияларды өздөштүрө алды. Бирок мектепти, мугалим менен окуучунун жандуу баарлашуусун, бетме-бет олтуруп, берген билимин, мугалимдердин мээримин, адамдык мамилесин эч нерсе алмаштыра албайт. Буюрса, окуучуларыбыз сагынып күткөн мектептердин ачылышына аз күндөр калды. Ардактуу кесиптештер, мугалимдик кесиптин үлгүлүү салттарын сактаганыңыздар, алдыңкы тажрыйбаларды өнүктүрүп келе кылымдар бою агартуучуларыбыз, ойчулдарыбыз, акындарыбыз жаштарды тарбиялоого, балдардын дүйнө таануусун өстүрүүгө, парасатын арттырууга өзгөчө маани берип келишкен. Ал эми өткөн кылымда дүйнөлүк педагогиканы өздөштүрүп, улуттук педагогиканын салттуу тажрыйбасы менен байыттык. Эл мугалимдерибиз жеке өрнөк, үлгүлөрү менен билим берүүнү өнүктүрүштү. Турмуштагы каарман мугалимдердин протиптери аркылуу адабиятыбызда мугалимдердин жаркын образдары жаралды. Дүйшөн аркылуу эң алгачкы мугалимдердин үлгүсүн көрсөк, Инкамал апай аркылуу согуш мезгилиндеги мугалимдердин кажыбас мээнетин көз алдыбызга тартабыз. Окуткан окуучуларына мезгил өткөндөн кийин баа берип - мезгил, чөйрө алардын көз караштарын өзгөрткөндүгүн көрүп, жан дүйнөсүнүн элегинен өткөрүп, күйгүлтүккө түшкөн Айша апанын образы чыныгы мугалимдердин руханий турпатын көрсөтүп турат. Тарыхтын ар бир бүктөмүндө мугалимдер коомдун авангарды болуп келишкен.
671 09:47 05-11-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|