Жанылыктар

№3-жатаканада 2018-жылы аткарылган иштер боюнча маалымат баяндамасы.

ОшМУнун административдик чарба департаментинин коменданттары тарабынан 2018-жылда аткарган жумуштары боюнча маалымат

баракчасынын формасы.

Окуу корпус (жатаканалар) боюнча маалымат.

Корпус (жатакана) аталышы

№ 3 жатакана

Комендант

Парманова Жүзүмкан Мырзакматовна

Байланыш номери

Иш телефону: 7-41-88 0773901993

Отчеттук мезгил

4-квартал 2018-ж.

I БӨЛҮМ. ЖЕТИШКЕНДИКТЕР. (Ар бир айга аткарылган иштер боюнча баяндап жазыңыз)

Аткаруу убагы

Жазуу баяндамасы

1

Январь

Жатаканада жашап жаткан студенттер бир ай кышкы эс алууга кеткендигине байланыштуу, студенттер жашаган ар бир бөлмөлөрдү карап, розеткаларга электр шаймандарын калтырып койбоо үчүн, техперсоналдар менен бирдикте текшерип чыгуу. Ошону менен бирге коомдук жайларды (ажатканалардын, умывальниктердин, унитаздардын суу түтүкчүлөрүн текшерип, керектүү жерлерин ремонттоп, кайра студенттер келишине даярдоо.

Бир айга газ, свет, сууну өчүрөбүз. IV-кабатта чет элдик медицина факультетинин студенттери жашагандыгына байланыштуу, алар очүрүлбөйт.

2

Февраль

Эс алууга кеткен студенттер келгенине байланыштуу, I-III - кабаттын газы, свети, суулары берилип, күнүмдүк жасалуучу иштер өз нугунда жүрүп жатат. Студенттерге эки жумада бир жолу тарбиялык саат өтүлүп, деканаттардан мугалимдерди чакырып жыйындар өтүлүүдө. Өрт коопсуздугу боюнча студенттерге түшүндүрүү иштери ар жыйында айтылып эскертилип турат.

3

Март

Жаз айынын башталышында жатакананын ички жана сырткы тазалыгына көнүл бөлүү менен бирдикте, техперсоналдардын жардамы менен жумасына эки жолу жатакананын айлана тегерегин тазалоо үчүн ишембиликтерди өткөрөбүз. “Нооруз”-майрамына карата айлана тегеректеки дарактар тегизделип, акталып, тазалоо иштери жүргүзүлөт.

4

Апрель

Күн жылып калгандыгына байланыштуу, коридорлордоку, бөлмөлөрдүн айнекткриндеки, кышкы жылуулоо үчүн жабыштырылган кагаз ленталарын алып, айнектерди ачып тазалоо иштери студенттер менен бирдикте жүрүп жатат. Студенттер пайдалануучу стул ученический 17-данасы, фанерасы башка коюлуп, ремонттолуп, сырдалып, кайрадан студенттерге пайдалануу үчүн берилди. Тумбочкалар дагы оңдоодон өткөрүлдү.

5

Май

Студенттер жашоосун улантуу менен бирге, сабактарына барып жатышат. Бөлмөлөрдүн тазалыган жана пайдалануу үчүн берилген жумшак катуу эмеректерди студкеңештин мүчөлөрү менен бирдикте текшерип, контролдоп турабыз. 25-майдан баштап эрте бүткөн студенттер, кайрадан жайкы эс алууга кетүүнү башташат. Ошондуктан, жумшак эмеректер менен бөлмөлөрдүн ачкычтарын күзөтчүлөр менен бирдикте ала баштадык.

6

Июнь

Жатаканада күнүмдүк иштер өз убагында жүрүп жатат. Жатакананын айлана тегереги таза, дарактар акталган. Жапайы чөптөр өз убагында орулуп,тазаланып турат. Студенттер акырындык менен жайкы эс алууга кетип жатышат. Студенттер пайдалануучу коомдук жайларды, стол, стулдарды, тумбочкаларды, ремонтко даярдоо башталды. 20-июндан кийин ремонтту баштайбыз.

7

Июль

I-III - кабаттакы студенттер, баарысы жайкы эс алууга кетишти. Электрик менен бирдикте, ар бир бөлмөнү текшерип, электр шаймандарын ремонттоо башталды.

I-IV – кабатка чейинки умывальниктер, унитаздар, душ, капиталдык ремонттон өтүү астында турат.

8

Август

IV – кабаттакы чет элдик студенттер дагы эс алууга кетишти. Жатаканада 6 студент калды. Жатакананын ички иштер ремонту башталды. I - кабаттын дубал беттеринин түшкөн жерлери шыбалып, толугу менен ремонт болуп, сырдалды. Эс алуу бөлмөсү, 119-кабинет, коридор ремонттолуп, полу сырдалды. I-IV – кабатка чейинки тепкичтин дубал беттери, толугу менен водаэмульционный краска менен акталып, тепкичтери, дубал бети жарымына чейин ак жана пол краскалары менен сырдалды. Жылуулук системаларындакы жараксыз абалга келип калган, 6 даана регистр башкадан жасалып коюлуп, 27 даанасы ширетилип ремонттон өткөрүлдү жана сырдалды. Ошону менен эле бирге, I – кабатта жайгашылган, жылуулук системасыныны элеваторунун задвижкалары толугу менен чечилип, майланып, ремонттолуп, кайрадан өз калыбына келтирилип кышка даярдалды. Ашканалар, ажаткана умывальниктер, душ, студенттер кир жуучу бөлмө акталып сырдалды. Өрт коопсуздугу боюнча Капаров А. жыйын өткөрүп, түшүндүрмө берүү менен бирге көргөзмө куралдарын дубал бетине илип берди.

№1,2,3-жатаканалардын ортосундакы сырткы ажаткана дагы толугу менен ремонт болду.

9

Сентябрь

Студенттер жайкы эс алуудан келишип, сабак башталганына байланыштуу, жатаканага 26-августтан баштап, өз бөлмөлөрүнө жайгаштыруу башталды. IV – кабаттын коридору, бөлмөлөр ремонт болуп жаткандыктан, чет элдик медицина факультетинин студенттери киргизиле элек. 24-сентябрдан баштап, IV-кабатка чет элдик студенттер киргизилип жайгаштырылды. Азыр ушул күндө I-III-кабатта 141 студент, ал эми IV-кабатта 72 студент жашап жатат.

10

Октябрь

Жатаканада I-III-IV-кабаттардакы групповой умывальниктер, унитаздар, суу түтүкчүлөрү, баарысы алмаштырылып,жаңыдан коюлду, жана кайрадан дагы ремонттон өттү. I-кабаттын ашканасынын полуна жаңыдан кафель төшөлүп, двойной умывальник шкафы менен коюлду. Студенттер жуунучу душтун полуна дагы жаңы кафель төшөлүп ремонт болду.

11

Ноябрь

IV-кабатткакы эки ашкана дагы бир катар ак краска менен сырдалып, ремонт болду. Жатаканада ар күнү жасалуучу жумуштар, тазалоо иштери өз нугунда жүрүп жатат. Студенттер жуунучу душтун аристону жараксыз абалда болуп, кыйынчылык жаралган эле. ОшМУнун кампасынан 2 даана аристон алынып келип коюлуп, үзгүлтүксүз студенттер үчүн иштеп жатат.

Жылуулук системасы жакшы . Бир кана ашканаларга электродуховкасы жетишсиз болуп жатат.

12

Декабрь

Студенттерден газга, светке, жылуулукка даттануулар жок. Жатакананын ички жана сырткы тазалыктары ар күнү тазаланып, короонун ичи таза жана ашыкча буюмдар жок.

Жаңы жылдык кечени өткөрүп, студенттерди кышкы эс алууга жөнөтөр алдында турабыз.

II БӨЛҮМ. КӨЙГӨЙЛӨР. (Иш учурунда кандай көйгөйлөргө кезиктиңиз жана сиз аны кантип чечтиңиз?)

Убагы (айы)

Көйгөйлөрдү кантип чечтиңиз?

1

Январь - декабрь

Ар айда болуп турчу жеңил жана оор кездешкен көйгөйлөрдү жетекчиликке өз убагында жеткирип, жетекчилер аркылуу чечилип келе жатат.

III БӨЛҮМ. АЛДЫДА АТКАРЫЛУУЧУ ИШТЕРДИ БАЯНДАП ЖАЗЫҢЫЗ.

1

Жатаканадакы ички ажатканаларга коюлган унитаздардын ортолорун бөлүп, эшиктерин орнотуу керек.

2

Студенттер эс алуудан келгенге чейин анча-мынча мебелдерди ремонттоп, ашканаларды дагы бир катар карап, жууп тазалап, керектүү жерлерин актап сырдоо.

3

Беш ашканага студенттер нан бышыруу үчүн электродуховкаларын алып, орнотуу үчүн жетекчиликке айтуу.

4

Үч жатакананын ортосундакы ажаткананын бачокторун, гибкий шлангтарын оңдоо жана ремонтто.

IV БӨЛҮМ. СУНУШ-ПИКИРЛЕР.

1

Жатакананын асты жагындакы куурап калган 10 түп даракты алып, асфальтты бузуп жаткан дарактын тамырын чукуп алып салууну сунуштайм.

2

Жатакананын астына сыртка электр жарыгын орнотуп, жарыктандырууну сунуштайм.

3

Эгер мүмкүнчүлүк болсо жатаканага киреберишке, III-IV-кабаттардын коридорлоруна видео көзөмөлдөөнү орнотууну.

4

Жатаканадакы 11 даана кроваттын тактасын таап, өз калыбына келтирүүнү, жана аз болсо дагы стол стулдарды толуктоону сунуштайм.

V БӨЛҮМ. СҮРӨТ (аткарылган иштер боюнча сүрөт тиркелсин).

Отчет түзүлдү

Түзүлгөн датасы: _16.12.18

(Аты жана фамилиясы)

Отчетту түзгөн: Парманова Жүзүмкан

(Колу) ________________________________________________

1190 16:44 18-12-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 >|