Жанылыктар

"Ош декларациясынын" алкагындагы ички мобилдүүлүк жемишин берүүдө

Улуу урматтуу ректорубуз проф. Каныбек Абдуваситовичтин демилгеси менен билим берүү мейкиндигин биргелештирүү максатында 2015-жылы 18-майда ОшМУда "Ош декларациясы" түзүлгөн. Ага Кыргызстандагы 7 мамлекеттик окуу жайлардын мүдүрлөрү кол коюшкан. Академиялык ички мобилдүүлүктүү ишке ашыруу анын негизги милдеттеринин бири болчу. Бүгүнкү күнү ОшМУда ички мобилдүүлүк өркүндөп-өсүп гүлдөп-өнүгүп келе жатат. Бул программанын негизинде былтыркы жылы ОшМУдан 30га жакын студент башка ЖОЖдорго барып окуп келсе, 50гУлуу урматтуу ректорубуз проф. Каныбек Абдуваситовичтин демилгеси менен билим берүү мейкиндигин биргелештирүү максатында 2015-жылы 18-майда ОшМУда "Ош декларациясы" түзүлгөн. Ага Кыргызстандагы 7 мамлекеттик окуу жайлардын мүдүрлөрү кол коюшкан. Академиялык ички мобилдүүлүктүү ишке ашыруу анын негизги милдеттеринин бири болчу. Бүгүнкү күнү ОшМУда ички мобилдүүлүк өркүндөп-өсүп гүлдөп-өнүгүп келе жатат. Бул программанын негизинде былтыркы жылы ОшМУдан 30га жакын студент башка ЖОЖдорго барып окуп келсе, 50гө жакын студент ордолуу, ордендүү ОшМУда билим алып кетишти. Быйылкы натыйжа дагы көңүлгө толорлук. Ысык-Көл мамлекеттик университетинен, Талас мамлекеттик университетинен, БатМУдан, ЖАГУдан көптөгөн студенттер келип татыктуу, сапаттуу билим алышууда. Алар ректорубуздун камкордугунун негизинде жатаканаларга акысыз жайгаштырылып, профлоктория кызматтарынан дагы пайдаланышууда. Конок студенттерибизге заманбап билим берүү менен эле чектелбестен, жандуу, шандуу түстөрдү жашоолоруна сиңирип, маданий массалык, спорттук, интеллектуалдык иш-чараларга тартып келүүдөбүз. Жатаканада жашоо керемет демекчи, жигердүү студенттик турмуштан сүртүмдөр.
2560 09:56 26-10-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|