Жанылыктар

Германия өлкөсүнөн келген ишкерлер ОшМУда болушту.

Германияда жайгашкан “Wirtschaftsverband westfalen-lippe e.v.” жарандарды иш менен камсыз кылуучу фирманын президенти Манфред Булк жана Шефер мырзалар ОшМУда конокто болуп, медицина жана физика-техника факультеттеринин окутуучулары жана студенттери менен жолугушуп, тажырыйба алмашуу, ал жакта стажировкадан өтүп келүү жана туруктуу иштеп калуу жөнүндө кенен айтып беришти. Дүйнө жүзүндөгү бир нече өлкөлөрдө иштеп жаткан бул фирманын жардамында магистранттарыбыз, студенттерибиз 1 айдан 6 айга чейин өздөрүнүн практикасын Германияда өтөп келүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. 12 жылдан бери иштеп келе жаткан бул фирма бүгүнкү күнгө чейин 3 000 адамды ишке орноштурган жана бир жыл ичинде 250 адамды түрдүү тармактарда (врач, медайым, автомобилдик транспорт, механик, автоэлектрик ж.б.) жумуш менен камсыз кылып келишүүдө. Айтымдарына караганда, Германияда саатына 9 еврого чейин табууга болот экен. Жыйындын жүрүшүндө Манфред Булк Ордендүү ОшМУнун жамааты, студенттери менен кызматташууга абдан кызыктар экендигин жашырган жок. Бул жолугушууну уюштурууга Ош шаарындагы “Europe-Osh” окуу борбору көмөк көрсөттү. //www.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20171004171407-chyngyz.jpg //www.oshsu.kg/resurs/images/original/JPG-20171004171437-chyngyz.jpg
2823 17:14 04-10-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|