Жанылыктар

Бүтүрүүчүлөр үчүн акы төлөнүүчү төрт айлык стажировкадан өтүү конкурсу башталды

Бүтүрүүчүлөр үчүн акы төлөнүүчү төрт айлык стажировкадан өтүү конкурсу башталды

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматында стажировкалар программасына катышууга конкурс жарыяланды.

Бул конкурска университеттердин жана колледждердин бүтүрүүчүлөрү жана акыркы курстардын студенттери катыша алат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы, Ош мамлекеттик жана Кыргыз-Өзбек университеттеринин карьера борборлору, Адам укуктары боюнча БУУнун Борбордук Азиядагы кеңсеси менен кызматташтыкта университет жана колледждердин акыркы курстарынын студенттери жана бүтүрүүчүлөрүнө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында акы төлөнүүчү төрт айлык стажировкадан өтүү менен кесиптик тажрыйба алуу мүмкүнчүлүгү берилүүдө.

Стажировкадан өтүү мезгили 4 айга созулат, программанын алкагында стажерго ай сайын болжол менен 4100 сом өлчөмүндө стипендия төлөнүп берилет.

Стажировкага катышуу учун талапкерлер өтүнмө жөнөтүүшү керек.

Байланыш маалыматтары:

Стажировкага катышуу боюнча өтө так маалыматты талапкерлер Адам укуктары боюнча БУУнун Борбордук Азиядагы кеңсесин өкүлдөрүнөн 0770 800057 телефон, email:beintern2019@gmail.com аркылуу, жана төмөндөгу көрсөтүлгөн байланыштар боюнча программанын координаторлорунан алууга болот.

Ошондой эле Ош мамлекеттик университетинин Карьера борбору, Ленин атындагы көчө, 331, ОшМУ башкы корпус, каб.136, байланыш адамы Маткалыков Азирет Али, тел.: 0559 80-18-80 email: kareraborboru.oshmu@bk.ru

Өтүнмө берүүнүн жол-жобосу:

Кызыкдар болгон талапкерлер https://clck.ru/Fsnb6

шилтемеси боюнча кирүүсү керек, ал жерде онлайн форманы толтуруп, төмөнкүдөй кошумча документтерди жөнөтөт:

- бүтүрүүчүлөр дипломдун көчүрмөсүн жана кошумча барактарын/ акыркы курстардын студенттери зачеттук китепчесинин көчүрмөсүн төмөнкү электрондук дарекке жиберүүнү суранабыз beintern2019@gmail.com


Толук маалымат алуу үчүн: (Кыргыз тилинде PDF форматы) (Орус тилинде PDF форматы) Онлайн формага төмөнкү QR кодду сканерлоо аркыдуу өтсөнүз болот:
3391 12:27 13-05-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|