Жанылыктар

Тилдер дисциплинасы циклынын окутуучулары билимин жогорулатат

Тилдер дисциплинасы циклынын окутуучулары билимин жогорулатат Окутуучу болгон соң билимди ар тараптуу жогорулатуу жолунда болуусу абзел, себеби мугалимдин билим берүүсү анын дүйнө таанымынан, ой жүгүртүүсүнөн көз каранды. 25-ноябрь күнү ИПКнын Тилдер дисциплинасы циклынын окутуучулары онлайн сабак өтүүнүн ар кандай платформалары менен таанышышты. Семинар тибинде өткөрүлгөн бул семинарды информациялык-коммуникациялык дисциплиналар циклы өткөрүп, окутуучуларга интернет айдыңындагы платформаларды тааныштырышты. Окутуучулар студенттердин билимин текшерүү, тесттерди жүктөө, тапшырмалардын жообун алуу сыяктуу маселелер менен таанышышты. Семинардын аягында Тилдер циклынын жетекчиси Бактыгүл Байтикова семинар өткөргөн циклдын окутуучуларына терең ыраазычылык билдирди.
519 22:43 22-12-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|