Жанылыктар

МАСЛЕНИЦА

Масленица (Сыр менен 7 күн) – Чыгыш славян элдеринин кыш мезгилин узатып, жаз мезгилип тосуп алчуу убактагы, жыл сайын февраль айынын аягында, март айынын башында майрамдалып туруучу салттуу майрамы. 2022-жылдын 28-февралында ТАББТМ кафедрасынын башчысы, доцент Дж.Досматова жана улук окутуучу Миргул Эргешбай кызынын жетекчилиги астында колледждин студенттери “Веселая Масленица” кечесин өткөрүштү. Студенттер славян элинин улуттук ырларын ырдап, бийлерин бийлешти жана Масленица майрамына карата элдик ырларды (частушки) да аткарышты. Ошону менен катар эле бир топ оюн-зоок программалары, конкурстары да өткөрүлдү. Концерттик бөлүк аяктаган соң, меймандардын баары “Орус элинин улуттук тамак-аштары жарманкесине” күбө болушту. Жыйынтыгында активдүү катышкан студенттер өзгөчө белгиленип, колледждин “Ардак Грамотасы” менен сыйланышты.
943 14:33 14-03-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|