Жанылыктар

Англис тили боюнча интенсивдүү курстарды ийгиликтүү аяктаган илим изилдөөчүлөргө сертификаттар тапшырылды

2020-жылдын 17-февралында ОшМУда илим жаатында жүргөн окутуучулар үчүн англис тили боюнча интенсивдүү курстар башталып, ал “Erasmus Plus” программасынын ОшМУдагы координатору м.и.д., Калматов Р.К. жетекчилигинде уюштурулган.
Курска катышам деген жогорку окуу жайлардын илим изилдөөчүлөрү алгач деңгээлдик тестирлөөгө катышып, Pre-intermediate жана Upper-intermediate тайпаларына бөлүнгөн.
Бул интенсивдүү курстун максаты — ондон кем эмес илимий кызматкердин англис тилин өркүндөтүү, илимий окумуштууларды эл аралык семинарларга жиберүү, алардын англис тилинде маалымат топтоп жана баарлаша алышына шарт түзүү. Окуу 4 айга созулуп, ийгиликтүү аяктаган илим изилдөөчүлөргө сертификаттар тапшырылды. Англис тилин терең үйрөнүү курсу акысыз болуп, “Кыргызстанда PhD докторантураны жана илимий потенциалды өркүндөтүү/DERECKA” долбоорунун алкагында ишке ашты.

418 10:40 01-10-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|