Жанылыктар

СГД кафедрасы, май 2020: СГД кафедрасында латын тили дисциплинасынан 1-курстардын студенттеринин арасында олимпиада өткөрүлдү.

2020-жылдын 28-майында ЭМФтин СГД кафедрасында латин тили дисциплинасынан 1-курстардын студенттеринин арасында олимпиада өткөрүлдү. Олимпиада дисциплина боюнча алган билимдерин бышыктоо жана жыйынтыгын чыгаруу максатына уюштурулду. Олимпиадада үч баскычтан турган тапшырмалар берилди. Биринчи баскычта студенттерге анатомиялык, клиникалык, фармакологиялык терминдер жана грамматика боюнча Google Classroom платформасы аркылуу тест түрүндө 20 суроо берилди. Экинчи баскычы да Google Classroom платформасы аркылуу суроолорго студенттер жазуу турундө жооп беришип, ага 20 суроо берилди. Үчүнчү баскычы ZOOM режиминде өткөрүлүп, студенттер латин тилидеги макал-лакаптарды канчалык денгеээлде билээри текшерилди. Олимпиаданын жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр аныкталды. 1-орунга 1инл-1-19-тайпасынын студенти Шахба Умеркити жана 1инл-10-19- тайпасынын студенти Мохаммад Султан, 2-орунга 1инл-13-19-тайпасынын студенти Намбориматил Мохиаден Фаеза жана 1инл-1-11-19 -тайпасынын студенти Гайатри Рамаска, 3-орунга 1инл-1-19-тайпасынын студенти Мухаммед Мустафа Калатинал ээ болушту. Жеңүүчүлөрдү куттуктап, окууларына албан-албан ийгиликтерди каалайбыз!
1103 13:08 03-06-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|