Жанылыктар

СГД кафедрасы, апрель 2020: “Өлкөнү санариптештирүү шартында жаштардын руханий коопсуздугу” аттуу эл аралык конкурсунун пленардык жыйыны

2020-жылдын 30-апрелинде ОшМУнун 80 жылдыгына жана университеттин илим жумалыгына карата Кыргызстандын түштүк философиялык коомунун студенттер менен жаш окумуштуулардын арасында уюштурулган “Өлкөнү санариптештирүү шартында жаштардын руханий коопсуздугу” аттуу эл аралык конкурсунун пленардык жыйыны түштүк философия коомунун жетекчиси, ф. и. д., профессор Э. К. Шарипованын жана ф.и.к., доцент Р, А. Ысмаилованын жетекчилиги менен ЭМФнын СГД кафедрасында болуп өттү. Жыйында республикабыздагы КММА, Нарын. ЖАМУ, ОшМУ, жана Россиянын Тюмень, Казакстандын Алма-Ата шаарларындагы университеттерден конкурска катышкан студенттер учурдун актуалдуу маселелеринен болгон санариптештирүү шартынын жаштарга тийгизген таасири боюнча өз баяндамаларын окушту. Жыйындын жүрүшүндө окулган баяндамаларда козголгон учурдун маанилүү көйгөйлөрүнө студенттердин илимий жактан талдоо берүүгө кылган жогорку денгээлдеги аракети бардык катышуучуларды кайдыгер калтырбай, кызуу сунуш, пикирлер жаратылды.
1214 09:37 01-05-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|