КУЛАКТАНДЫРУУ!!! ИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА МЫКТЫ ЭМГЕКТЕР БОЮНЧА КОНКУРС ӨТКӨРҮЛӨТ!
11:58
Урматтуу кесиптештер!
ОшМУда Илим күнүнө карата “Мыкты монография”, “Мыкты окуу куралы”, “Мыкты окуу-усулдук колдонмо” конкурстары өткөрүлөт.
Каалоочулар эмгекти жана эмгекти конкурска сунуштагандыгы жөнүндө кафедранын кеңешмесинин, факультеттин Окумуштуулар кеңешинин (методикалык кеңештин) чечимдерин 2018-жылдын 25-октябрына чейин факультеттердин декандарынын илимий иштер боюнча орун басарларына же Илим жана аспирантура бөлүмүнө (ОшМУнун башкы имараты, 136-каана) тапшыруусу зарыл.
2857 11:58 09-10-2018