Физика-техника факультетинин эксперименталдык жана теориялык физика кафедрасында 14-февраль 2019-жылы кафедранын жамааты Кара-Суу районуна караштуу “Ак-буура” орто мектебинин бүтүрүүчү класстары менен кесипке багыттоо иш чарасын өткөрүштү. Кафедранын доценти М.Ч. Осконбаев жана ага окутуучу А.Жапаркулов окуучуларга өздөрү окутуп жаткан предметтер, материалдык техникалык база, кафедра, факультет жана университет тууралуу маалыматтарды беришти.