Жанылыктар

«Улут уңгусу - рух» аталышындагы регионалдык илимий-практикалык семинар жана окумуштуу-илимпоздордун көргөзмөсү

2021-жылдын 27-апрель күнү эл аралык мамилелер факультетинин философия жана политология кафедрасы тарабынан Илим жумалыгына карата «Улут уңгусу - рух» аталышындагы регионалдык илимий-практикалык семинар болуп өттү. Илимий семинарда ОшМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.М. Анарбаева, КӨУнун проректору, профессор А.Т. Балтабаева, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун мамлекеттик тил боюнча проректору А.Д. Доранова, БатМУнун Кызыл-Кыядагы колледжинин директору, доцент А.Т. Бердиев, К. Токтомаматов атындагы УЭПтин профессору Ж.А. Дүйшеев, Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Ш. Ниязалив атындагы философия жана гумантардык илимдер кафедрасынын башчысы, доцент Г.Т. Токтогулова жана ОшТУнун гуманитардык илимдер кафедрасынын башчысы, доцент Г. Бекмурзаевалар катышышты жана пленардык баяндамаларды жасашты. Ошондой эле кафедранын окумуштуу-илимпоздорунун көргөзмөсү жана чакан маданий программалар менен коштолду. Семинарга кафедра мүчөлөрү, аспиранттар, магистранттар жана студенттер активдүү катышышты.
219 13:41 27-04-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|