Жанылыктар

«Илимдин коомдун турмушуна тийгизген таасири» аталышындагы тегерек стол

2021-жылдын 27-апрель күнү, эл аралык мамилелер факультетинин философия жана политология кафедрасы тарабынан Илим жумалыгына карата «Илимдин коомдун турмушуна тийгизген таасири» аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Аталган иш-чараны ОшМУнун аспирантура бөлүмүнүн башчысы, доцент Г.М. Анарбаева, эл аралык мамилелер факультетинин деканы С.С. Ибраимова, философия жана политология кафедрасынын башчысы К.А. Курбанбаев, доцент Г.А. Токоева эжекелерибиз сөз сүйлөп, аспиранттардын илимий-изилдөө иштерине ийгилик каалашты. Илимдин коомго тийгизген таасирин ар бир аспирант доклады менен катышуучуларга жана конокторго жеткиришти. Суроолор берилип, түрдүү маалыматтар аудиторияда талкууланды. Аспиранттар докладын өз илимдеринин багытында даярдашып, изилдөө иштерин мындан ары өркундөтүүгө мотивация алышты.
226 12:55 27-04-2021

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|