Жанылыктар

Ош мамлекеттик университетинин МИТ факультетинин математикалык анализ кафедрасы тарабынан 2019-жылдын 11-мартында өткөрүлгөн С.А.Абдыкалыковдун атындагы I-математикалык олимпиада өткөрүлдү
Ош мамлекеттик университетинин МИТ факультетинин математикалык анализ кафедрасы тарабынан 2019-жылдын 11-мартында өткөрүлгөн С.А.Абдыкалыковдун атындагы I-математикалык олимпиада өткөрүлдү. Олимпиаданын башталышында төрайым А.К.Тойгонбаева Абдыкалыков Сулайман Абдыкалыкович агайдын эмгектери тууралуу кыскача баяндап, олимпиаданы ачып берди. А.А.Акматов олимпиаданын жобосу жана тапшырмалары менен тааныштырды. Олимпиаданын тапшырмаларында мисалдар берилип, бланка түрүндө сунушталды. Олимпиада негизинен эки багытта алып барылды:профиль жана профиль эмес. Математика профиль үчүн 5 мисал, профиль эмес үчүн 4 мисал берилип, ар бир мисалга 12,5 баллдан берилди. Математика боюнча (профиль) олимпиадага МИТ факультетинен 13 студент, математика боюнча (профиль эмес) олимпиадага МИТ факультетинен 9 студент катышты. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча (профиль эмес) 1 Ирисмаматова Мээрим Алмазбековна (ИСТ(б)-2-18р) 22,5 балл. 2 Абдижапар кызы Бактыгүл (ПМИ(б)-1-18) 13 балл. 3 Осмоналиева Мээрим Таирбековна (ПМИ(б)-1-18) 12 балл. 4 Хасанбай кызы Уулбүбү (ПМИ(б)-1-18) 12 балл. Олимпиаданын (профиль багыты боюнча) жыйынтыгынын предметтик комиссиясынын чечими менен төмөнкү студенттер II турга өттү деп табылды: 1 Нурланбеков Тынчтыкбек Нурланбекович(МК(б)-1-17) 48 балл. 2 Рысбекова Гүлбара Рысбековна (ПМИ(б)-1-17) 45,5 балл. 3 Болотбек кызы Мираида (МК(б)-1-16) 27 балл. 4 Ирисмаматова Мээрим Алмазбековна (ИСТ(б)-2-18р) 33,5 балл. Предметтик комиссиянын курамы: Комиссиянын төрайымы: Тойгонбаева А.К. Комиссиянын мүчөлөрү: Акматов А.А., Мустапакулова Ч.М. Токтобаева З.М.
717 15:29 26-05-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|