Жанылыктар

«Ыйман» гимназиясында волейбол спартакиадасы

Окуучуларды сергек жашоого үйрөтүү, спортко болгон кызыгууларын артыруу жана класстар аралык биримдикти чыңоо максатында ОшМУнун «Ыйман» гимназиясында үстүбүздөгү жылдын 18-январында балдар жана кыздар арасында волейбол боюнча мелдеш өттү. Мелдеш гимназиянын дене тарбия мугалими Абдырахманова Кундускан, гимназиянын президенти Абдиманап уулу Бийалым жана директордун тарбия иштери боюнча орун басары Жеңишбек уулу Аскар тарабынан демилгеленип, уюштурулду. Мелдеште алдыңкы орунду багындырган тайпалар дипломдор жана китептер менен сыйланышты.
755 17:06 20-01-2020

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|