Жанылыктар

Германиядагы Виадрина европа университетинин профессору Доктор Петер ОшМУга иш сапары менен келди

Конок лекторлор келе баштады. Германиядагы Виадрина европа университетинин профессору Доктор Петер ОшМУга иш сапары менен келди. Аны проректор Абдыганы Осмонович кабыл алып, пикир алмашты. Сүйлөшүү учурунда юридика, экономика жана маданият таануу багыттарында окуган 6000 студенти бар Виадрина европа университети менен келишим түзүп, академиялык алмашууларды уюштуруу, биргеликте илимий изилдөе иштерин жүргүзүү, Эразмус+ боюнча долбоорлорду чогуу ишке ашыруу ж.б.у.с. кызматташуу маселелери талкууланды. Конок лектор ез сөзүндө, Ош мамлекеттик университетин Кыргызстандагы автоматташтырылган окуу системасы бар, эл аралык рейтинги жогору, көп профилдүү билим берген жана кеп тилдүүлүк саясатын ийгиликтуү жүргүзүп жаткан эң чоң окуу жай катары биле тургандыктарын, ошондуктан бул университетке конок лекция окуп, изилдәөлөрдү жүргүзүү үчүн келгендигин билдирди. Жолугушуу сонунда эки университеттин ортосунда достук кепүрөсү болуп берүүгө убадасьн берди. Доктор Петер дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинде сабактарды өтүп жаткан кези, 30-сентябрда кыргыз-европа, кыргыз-кытай, орус филологиясы, эл аралык мамилелер факультеттеринин студенттери үчүн "Тилдик саясат, көп тилдүүлүк, этникалык тилдер" деген темада лекция окуйт. Белгилей кетсек, германиялык профессордун визитин ующтурууда декан С. Калыгулованын жана улук окутуучу М. Усманованьн эмгеги зор.

632 14:35 04-12-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 >|