Жанылыктар

"Нур" гезитинин редактору, "Беш акын" теледолбоорунун жеңүүчүсү аталды

ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун демилгеси менен Улуттук жазуучулар биримдиги жана ЭлТр коомдук каналы чогуу ишке ашырып жаткан "Беш акын" теледолбоорунда ОшМУнун “Нур” гезитинин редактору, “Апакемдин алмасы” китебинин автору, акын Мелис Маматжанов биринчиликти багындырды. Кыргызстанда экинчи жолу өтүп жаткан "Беш акын" долбоору бешинчи айлампа менен жыйынтыкталып, жеңүүчүлөргө ТҮРКСОЙдун диплому, Жусуп Баласагын атындагы төш белгиси жана 500 доллар акчалай сыйлыгы тапшырылды.
1601 11:14 12-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 >|