Жанылыктар

ОшМУнун магистранттарын биринчи курска кабыл алуу аземи болду

2019-жылдын 27- ноябрында ОшМУда "Магистрантарды 1-курска кабыл алуу" салтанаты жана ар жыл сайын өткөрүлүүчү “Жаш окумуштуулардын илимий изилдөөлөрү: гипотезалар, практикалык сунуштар, иштелмелер” деген аталышта илимий-практикалык конференция Юридика факультетинде болуп өттү. Иш чараны ачып жатып сырттан окуу боюнча проректор, биология илимдеринин доктору, профессор Т.Т. Жумабаева магистратурада окуунун өзгөчөлүктөрүнө, калыптандырылуучу компетенцияларына токтолду. Магистратура жана PhD докторантура департаментинин директору, техника илимдеринин доктору, профессор И.Г. Кенжаев университетте тиешелүү багыттарда жетишилип жаткан ийгиликтерге магистранттарды окууда, илимий темаларын аткарууда, коомдук иштерде активдүүлүк көрсөтүү менен салым кошууга үндөп, биринчи курстун магистранттарына ийгиликтерди жана ак жол каалап, сөзүн бүтүрдү. Андан ары юридика факультетинин деканынын милдетин аткаруучу ю.и.д. Н.Б. Мурзубраимовго сөз берилип, программа боюнча 2-курстун магистранттары даярдаган түрдүү куттуктоолор болду. Салтанаттын аягында магистранттар үчүн зачеттук китепчелер жана магистранттын күбөлүгү тапшырылып, биринчи курстун магистранты "Магистранттардын антын" окуп жалпы 1-курстар коштоп азем алардын анты менен аяктады!
996 16:16 05-12-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|