Жанылыктар

ОшМУнун магистрлери менен жолугушуу болуп өттү

2019-жылдын 18-октябрында ОшМУнун магистратура жана PhDдокторантура бөлүмүндө университеттин 80 жылдыгына жана магистратуранын 5 жылдыгына арналган “Сунуштар, пикирлер, ойлор” аттуу мыкты магистрлердин жолугушуу кечеси болуп өттү. Кечени, университеттин ректорунун милдетин аткаруучу ф.-м.и.к., доцент К.Г. Кожобеков ачып, азыркы өнүгүп жаткан өлкөбүздө магистратуранын орду чоң экенин баса белгилеп, магистрлерди университет менен тыгыз байланышта болууга үндөдү. Магистратура жана PhDдокторантура бөлүмүнүн башчысы, б.и.д., профессор Т.Т. Жумабаева жана ОшМУнун магистрлер ассоциациясынын төраймы филологиянын магистри Ж.Айтбаева магистрлер ассоциациясынын иш аракети жөнүндө кеңири түшүнүктү беришти. Жолугушуу өндүрүштөгү мыкты магистрлер жана алдынкы факультеттердин декандарынын куттуктоолору менен коштолду. Акырында профессор Таасилкан Токтомаматовна иш чара жогорку деңгээлде өткөндүгүн жана мындан ары да магистрлер ассоциациясы менен биргеликте көптөгөн жолугушуу, тегерек стол, семинарлар уюштурулуп тураарын айтты.
1041 16:25 24-10-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|