Жанылыктар

Азия ТВнын Оштогу бөлүмүнүн кабарчысы Гульжан Ажиматова студенттер менен жолугушту

2-декабрь Азия ТВнын Оштогу бөлүмүнүн кабарчысы Гульжан Ажиматова (Guljan Ajimatova) Журналистика адистигинин студенттери менен жолугушту. Жолугушуунун негизги максаты студенттер үчүн жарыялаган конкурстун жобосу менен тааныштыруу. Конкурс "САЯСАТТАГЫ АЯЛДАРДЫН ОБРАЗЫН" чагылдыруу деп аталып, дедлайн 15-декабрга чейин. Ал эми студенттердин макаласы, атайын репортаждары телерадио, сайт жана гезиттерге жарыяланыш керек. Анткени жарыяланган материалдар гана конкурска жарамдуу болуп эсептелет. Айта кетсек Гульжан Ажиматова (Guljan Ajimatova) ОшМУнун Журналистика адистигинин сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүнүн бири.
797 09:05 03-12-2019

                 

Жанылыктар

|< 1 2 3 4 5 >|