Жанылыктар

Кыздардын өздүк гигиенасы

Иш планга ылайык эки күн бою 1-2-3-жатаканаларда жашаган кыздар үчүн "Кыздардын өздүк гигиенасы" темасында гинекологдор менен жолугушуу болду. Жолугушууга медицина факультетинин акушерство жана гинекология кафедрасынын улук окутуучусу Субанова Аида эжеке, аталган факультеттин Аялдар кеңеши Касиева Гулсара эжеке, Искусство факультетинин Аялдар кеңеши Кадырбаева Тамара эжекелер,дүйнөлүк тилдер жана маданият факультетинин Аялдар кеңеши Жоробекова Гулзина эжекелер катышып, кыздардын кызыккан суроолуна жооп беришти. Иш чара Тарбия департаменти тарабынан колдоого алынып, уюштуруу иштеринде жатаканалар боюнча координатор көмөк көрсөтүүдө.
2612 16:58 14-05-2018

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|