Жанылыктар

Өмүрү өрнөк эжейлер

Саамалык кезеги Педагогика жана дене тарбия факультетинде.

2017- жыл Ыйман, адеп жана маданият жылына карата ректорубуз Каныбек Исаков агайдын тапшырыгы менен өрнөктүү инсандар менен студенттердин ортосунда көпүрө түзүү, жакшы сапаттарын жугузуу, жаштардын ийгилик жаратуусуна багыт берүү максатында саамалык баштаган элек. Экинчи бөлүгү Педагогика жана дене тарбия факультетинде улантылды. Аталган факультеттин аялдар кеңешинин төрайымы Жумалиева Бегимай Каныбековна жолугушууну “Өмүрү өрнөк эжейлер” деп атап, өзүнүн факультетиндеги өрнөктүү эжекелер БББТАТМ каф.башчысы Минавар Шайымкулова жана БББТМ кафедрасынын улук окутуучусу Бегайым Садыковалар менен студенттердин ортосунда жолугушуу өткөрдү.

2984 12:44 01-04-2017

                 

Жанылыктар

|< 1 2 >|