Новости

ОшМУнун эмгек жамааты “Медициналык клиникасынын” курулуш иши менен таанышты

Ош мамлекеттик университетинин ректорат жамааты жана профессордук-окутуучулук курамы университеттин медицина факультетинин базасында курулуп жаткан “Медициналык клиникасынын” курулуш иши менен таанышышты.

Окуу-лабораториялык база катары пайдаланууга жана 250 орундуу бейтаптарды дарылоого ылайыкташтырылган клиника 4 кабатка ылайыкташкан болсо, бүгүнкү күндө анын үчүнчү кабатын тургузуу иштери аяктап калган учуру жана 2014-жылдын октябрь айына кулуш ишинин бүтүшү пландаштырылган.

Ошондой эле курулуш иши менен биргеликте клиниканы көрктөндүрүү багытында буга чейин клиниканын алдына тротуар схемасы чийилип, атайын алынып келинген можжовельник арча көчөттөрү отургузулган. Бүгүнкү иш сапардын алкагында клиникага байланышкан алдыдагы иш пландар да айтылды.

11013 15:52 08-05-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|