Новости

ОшМУда волейбол, баскетбол боюнча спорт аянчасы ачылды

Ош мамлекеттик университетинде «ОшМУнун волейбол, баскетбол боюнча спорт аянчасынын» ачылуу аземи болуп, ага университеттин профессордук-окутуучулук курамы жана студенттери катышышты.

Спорт аянчасы Ош шаарынын Түштүк-Чыгыш кичи шаарчасында ОшМУнун окуу корпустарынын алдында жайгашып, анда волейбол, баскетбол аянтчасы менен биргеликте атайын спорт оюндарын көрүүчүлөргө ылайыкташкан орундуктар да жайгаштырылган. Салтанаттуу аземде сөз сүйлөгөн ректор Каныбек Исаков «Жаштар жүргөн жерде ден соолук, спорт, кыймыл, болушу керек. Спортко көңүл буруу менен окутуучуларыбызды, студенттерибизди сергек жашоого үндөп жатабыз»,-деди.

Аянтчанын ачылуу аземинен кийин окутуучулардын, студенттердин курама командаларынын катышуусундагы волейбол оюну боюнча чемпинат башталды. Мелдеш ОшМУнун профессордук-окутуучулук курамынын, кызматкерлеринин жана студенттердин ден соолугун чыңдоо, аларды сергек жашоо образына калыптандыруу максатында уюштурулуп, жалпысынан 50 миң сом байге фонду коюлган, оюн эки күнгө созулат.

Белгилей кетсек, ОшМУда бүгүнкү күндө 12 спорттук комплекс иштеп жатат. Ал эми апрель айында окутуучулар үчүн ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү борбору, ал эми студент кыздар жана жигиттер үчүн өз-өзүнчө машыктыруучу жана фитнес залдар ачылып, колдонууга берилди, Мегаком компаниясы менен биргелешкен долбоордун алкагында курулуш иши жүрүп жаткан заманбап футбол аянчасы жакынкы күндө ишке берилет.

8494 20:46 06-05-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|