Новости

Искусство факультетинде Абдыкалык уулу Элтурандын “Устат жана шакирт” аттуу концерти тартууланды

Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинде өткөрүлүп жаткан “Илим жана искусство” жумалыгынын алкагында факультеттин концерттик залында элдик музыкалык аспаптарды аткаруу жана ырдоо кафедрасынын улук окутуучусу Майрам Шүкүралиеванын жана шакирти 3-курстун студенти, бир нече чыгармачыл жаштардын конкурстарынын катышуучусу Абдыкалык уулу Элтурандын “Устат жана шакирт” аттуу вокалдык классы боюнча жеке концерти тартууланды.

Концертке музыка күйөрмандары, ОшМУнун окутуучулар жамааты, студенттер, Абдыкалык уулу Элтурандын жакын туугандары, атайын чакырылган коноктор катышышты. Кеченин жүрүшүндө оркестрдин коштоосунда элдик чыгармалар менен биргеликте дүйнөлүк классикалык музыкалар жандуу үн менен ырдалып, чопо чоор музыкалык аспабы менен коштолду.

Концертти искусство факультетинин чыгармачыл жаштарынын аткаруусундагы чыгармалар коштоду.

12956 17:55 28-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|