Новости

Бекова Аида - “ОшМУнун периси” деп табылды

Ош улуттук драма теартында Ош мамлекеттик университетинин “ОшМУ периси - 2014” сыганыгынын жеңүүчүлөрү аныкталды.

ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы Абылкасым уулу Канат билдиргендей, алгач сынактын 11 катышуучусу автоунаалар менен келип, көпчүлүктүн сынында алып баруучулардын тааныштыруусу менен кызыл килем аркылуу теартга киришти. Жобого ылайык катышуучулар 5 тапшырма боюнча өздөрүнүн таланттарын, билимин, ийкемдүүлүгүн көрсөтүштү.

Сынакка Бишкек, Ош шаарындагы белгилүү журналисттер, обончу, аткаруучулар, дизайнерлер калыстык кылып жыйынтыгында медицина факультетинин студенти 11 катардагы Бекова Аида гран-при “ОшМУ периси-2014” номинациясын жеңип алды, жеңүүчүгө ОшМУнун ректораты жана профсоюз комитети тарабынан Дубай шаарына эс алууга жолдонмо ыйгарылды, педагогика жана дене тарбия факультетинин студенти Алимбекова Алтынай 1-орунду алуу менен “ОшМУнун акыл карачачы-2014” номинациясына, ал эми чет тилдер факультетинин студенти Сүйүтбекова Элиза 2-орунду алуу менен “ОшМУнун таланттуу периси-2014” номинациясына, 3-орунду алган бизнес жана менеджмент факультетинин студенти Досова Акбермет “ОшМУнун ажарлуу периси-2014” номинациясына ээ болушту. Катышуучу бардык кыздарга кереметтүү Ыссык-Көлгө эс алууга жолдонмолор ыйгарылып, Ош шаарындагы MG nextra магазининен, faberlik жана Дарья сулуулук салондорунан катышуучуларга белектер тапшырылды. Ошондой эле сынактын бардык катышуучулары “Fil siti” жаштар клубунда сый тамак менен сыйланышты.

Белгилей кетсек “ОшМУ – периси”сынагы ОшМУнун тарбия департаменти, жаштар комитети тарабынан салтка айланып уюштурулуп келет.

Фото: Р.Максытовдуку

12588 11:28 26-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|