Новости

ОшМУда спорт майрамы болду

Ушул жылы спорт тармагында Кыргызстандын жана ОшМУнун намысын коргогон студенттерге ОшМУнун жетекчилиги сыйлоо аземин уюштурду.

Бүгүнкү иш чарада республикалык универсиадада 18 спорттун түрү боюнча алтын медаль уткан 53 студент 2000 миң сом, ал эми 10 машыктыруучу окутуучулар 10 миң сом акчалай сыйлыктар менен сыйланып, педагогика жана дене тарбия факультетинин деканы Бакыт Муратбаев жана алдыңкы окутуучуларга ардак грамоталар тапшрылды.

Белгилей кетсек, ОшМУнун курама командасы тогуз коргоол жана баскетбол оюндарында аялдар жана эркектер ортосунда командалык эки комплект алтын меделдарын жеңсе, самбо, футбол, бокс, эркин күрөш боюнча да эркектер командасы биринчи орундарды багындырды. Ал эми спорттун падышасы аталган жеңил атлетика боюнча ОшМУнун студенттери өзгөчө даярдыктарын көрсөтүшүп 28 байгелүү орунду ээлеген, анын 12си баш байге болуп саналат.

КРнын жогорку окуу жайлар арасында өткөрүлгөн универсиадада ОшМУнун курама командасы чоң айырма менен командалык эсепте 168 упай топтоп, мелдеште чемпион аталган. Эми 2015-жылкы Универсиадада ОшМУнун курама командасы Жогорку лигада оюн көрсөтөт.

Фото: Р.Максытовдуку

10718 17:51 25-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|