Новости

ОшМУда “Таза адам, таза билим, таза коом!” темасында жаштар ой толгошту

Ош мамлекеттик университетинде “Таза адам, таза билим, таза коом!” деген аталыштагы дилбаян конкурсунун жыйынтыгы чыгарылып, жеңүүчүлөр сыйланды.

Женүүчүлөрдү сыйлоо салтанатында ОшМУнун ректору Каныбек Исаков жаштардын арасында коомдун тазалыгы, билимдин тазалыгы үчүн ой жүгүртүп, талдаган жаштардын бар экендигиндиги кубандыраарын айтып “Коомдо тазалануу, аруулануу тенденциясы жүрүп жатат. Бирок коомдогу тазаланууга, арууланууга болгон карама-каршылыктар жогору. Ошентсе да биз коомдогу көрүнүштөрдү жүрөгүбүз менен сезип, акыл-эс туюмдарыбыз менен талдап коомго жеткиришибиз керек”, - деди.

“Конкурс ОшМУнун ректору жана профсоюз уюмунун демөөрчүлүгү менен студенттик акыйкатчы апараты жана студенттик “Нур” гезитинин редакциясы менен биргеликте студенттер арасында уюштурулган. Тандалып алынган дилбияндарда билимдүү жаштар гана өлкөнүн эртеңки келечеги, ал үчүн таза адам болуу менен, таза билим алып, таза коомду курууга болоорун, учурдагы көйгөйлүү маселелерге токтолуп, тарыхка кайрылып канткенде таза коом курууга болоорун кагазга түшүрүп, дилиндеги оюн берүүгө аракет кылган талантуу, билимдүү студенттердин ойлору камтылган ”, -дейт ОшМУнун акыйкатчысы Аскарали уулу Өмүрбек.

Ошентип конкурста калыстык кылышкан комиссиянын чечимине ылайык бизнес жана менеджмент факультетинин 3-курсунун студенти Токсонов Талант I даражадагы диплом, Сооронбай Жусуевдин 11 томдук чыгармалар жыйнагы, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 3-курсунун студенти Аскарова Алия II даражадагы диплом, Төлөгөн Касымбековдун 8 томдук чыгармалар жыйнагы, теология факультетинин 3-курсунун студенти Азизилла уулу Имамбек III даражадагы диплом, Надырбек Алымбековдун 5 томдук ырлар жыйнагы менен сыйланышты, ал эми калган мыкты дилбаяндардын авторлоруна кызыктыруучу сыйлыктар тапшылырылды. Белгилей кетсек, аталган конкурста мыкты деп тандалып алынган дилбаяндардын толук варианты ОшМУнун студенттик “Нур” гезитине жарыяланат.

Фото: Р.Максытов

12389 09:42 25-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|