Новости

“Азаттык” ОшМУда

24-апрель күнү, ОшМУдан билим алып кеткен сыймыктуу бүтүрүүчүбүз, журналист Жанар Акаев жана "Азаттык" үналгысынын Кыргыз кызматынын жетекчиси Венера Сагындык кызы Ош мамлекеттик университетинде болду.

Алгач университеттин ректору Каныбек Исаковдун кабыл алуусунда болушту, андан соң модернизациялоо багытында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат алышып, университеттин тарых музейи, автоматташтырылган электрондук башкаруу системасы менен таанышышты.

Жолугушуунун 2-бөлүгү искусство факультетинде уланып, анда журналисттика жана искусство тармагында билим алып жаткан студенттер катышышты. Алгач Венера Сагындык кызы “Азаттык” үналгысынын тарыхына токтолуп, учурдагы адилеттүү маалыматтарды берип жаткан саналуу маалымат берүүчү булак болуп жаткандыгына кошумчалады. Андан соң студенттер учурдагы кыргыз журналистикасынын көйгөйлөрү, келечеги тууралуу суроолорун узатышып, кызыктуу жоопторун алышты. Убакыт тар экендигине карабастан болочок журналисттер маанилүү суроолорун берүүгө үлгүрүштү.

Суроолорго жооп берип жатып Венера Сагындык кызы: “Жанар Акаев, Кубаныч Жолдошов, Эрнис Нурматов жана Идирис Исаков сыяктуу “Азаттык” үналгысында эмгектенип жаткан кесипкөй журналисттерди окутуп, тарбиялагандыгы үчүн ОшМУнун эмгек жамаатына ыраазычылык билдирем, алардын ичинен Жанар Акаев бүгүнкү күндө “Азаттык” үналгысынын бренди болуп калды десем болот. Бул жигиттер өзүнүн тырышчаактыгы, адилеттүүлүккө болгон умтулуусу, чынчыл көз караштары менен айрым журналисттерден айырмаланып турушат”, - деди. Ошондой эле студенттерди көп тил үйрөнүп, классикалык адабий китептерди окуп, эмгектенүүгө чакырды.

Жыйынтыгында конокторго арнап икусство факультетинде билим алып жаткан таланттуу студенттер тарабынан жандуу чакан концерттик программа тартууланды.

9783 08:29 25-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|