Новости

ОшМУда “23-апрель - Китеп жана автордук укук” күнү белгиленди

Ош мамлекеттик университетинде университеттин 75 жылдыгына жана “Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө” карата ОшМУнун илимий китепканасынын Бизнес жана менеджмент факультетинде жайгашкан №1 китепкана жамааты тарабынан иш-чара уюштурулуп, ага ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Т.Жумабаева, ОшМУнун илимий китепканасынын директору С.Мамбетова, факультеттин декандары, профессордук окутуучулук курамы, илимий китепкананын кызматкерлери, студенттер катышышты.

Иш чара конкурстук негизде өтүп анда “Мыкты окурман жана автор” деген конкурстун жыйынтыгы менен тандалып алынган 10 студент катышып, конкурста катышуучулар саламдашуу, окуган бир адабий чыгармадан үзүндү көркөм окуу, манолог айтуу сыяктуу шарттар боюнча таймашышты. Ошондой эле илимий китепканын факультеттердеги ар бир китепканасы тарабынан китептердин, илимий макалалардын көргөзмөсү да уюштурулду.

“Буга чейин биз “Мыкты окурман жана автор” деген аталыштагы конкурс жарыялаганбыз, жарыяга ылайык бир топ окурман жана авторлордон маалыматтар келип түшкөн, бүгүн алардын ичинен мыкты деп тандалып алынган 10 окурман студент конкурска катышып жатышат. Иш чарабыздын негизги максаты “23-апрель Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн” белгилөө, окурмандар ичинде жайылтуу, китеп сүйүүчүлөрдүн башын бириктирүү”, - болуп саналат дейт илимий китепкананын №1 китепканасынын башчысы Мисират Эргешова.

Илимий китепкананын директору Сайраш Мамбетова “Биз бүгүнкү күндө китепканадагы негизги окуу китептерин, авторефераттарды, диссертацияларды, монографияларды, кээ бир илимий-популярдык макалаларды электрондук формага өткөрүү жана толугу менен электрондук байланышка негизделген автоматташтырылган китепкана түзүү багытында “ИРБИС-64” тутумунун беш автоматташтырылган жумушчу орунунун программасы менен иштеп жатабыз. Учурда 4 029 аталыштагы 23 242 даана окуу китептеринин, 1044 журнал, авторефераттардын электрондук каталогундагы маалыматтарды жакын арада интернет аркылуу пайдаланууга болот. Илимий китепкананын китеп фондусу бүгүнкү күндө бир миллондон ашык, жакында да эле жетекчиликтин демилгеси менен алынып келинген электрондук робот сканеринин жардамы менен студенттер эң көп пайдаланган жана баалуу окуу китептери электрондук вариантка өткөрүлүп жатат”, -деди.

Белгилей кетсек, жыл башынан тартып илимий китепканын жамааты тарабынан окурмандарга арналган бир топ иш чаралар байма-бай өткөрүлүп келет.

11674 08:49 24-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|