Новости

ТТжГФда «Гүлдөр дүйнөсү» деген аталыштагы гүл сүйүүчүлөргө арналган майрам уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинин Табият таануу жана география факультетинин ботаника, жалпы биологиялык дисциплиналар кафедрасы тарабынан факультетте өтүп жаткан илимий жумалыктын алкагында «Гүлдөр дүйнөсү» деген аталыштагы акция уюштурулуп, анда бөлмө гүлдөрүнүн, икебаналардын көргөзмөсү болду.

«Ботаника, жалпы биологиялык дициплиналар кафедрасында «Гүл өстүрүүчүлүк» кружогу иштеп, гүл өстүрүүгө кызыккан студенттерге гүл өстүрүүнүн жолдору, чыгармачылык менен икебана жасоо, дарактарды кыйыштыруунун жолдору адистер тарабынан үйрөтүлүп келет. Бүгүнкү иш-чарабыздын негизги максаты гүл сүйүүчүлөргө гүлдөр тууралуу маалымат берүү, кружокто даярдалган икебаналардын көргөзмөсүн уюштуруу, университеттик денгээлде гүл сүйүүчүлөрдү кружокко тартуу, кружоктун ишин көрсөтүү болуп саналат», -дейт акциянын уюштуруучусу улук окутуучу Буниса Абдымомунова.

Белгилей кетсек Табият таануу жана география факультетинде 21-апрелден 26-апрелге чейинки аралыкта илим жумалыгы уюштурулуп жатат. Илимий жумалыкта факультеттин бардык кафедраларында илимий конференциялар, дубал гезиттер конкурсу, профессордук окутуучулук курам тарабынан даярдалган монографиялардын, макалалардын, тезистердин, илимий жетишкендиктеринин көргөзмөлөрү, ачык сабактар, студенттердин катышуусундагы интелектуалдык оюндар уюштуруларын аталган факультеттин деканынын илимий иштер боюнча орунбасары х.и.к., профессор Айшакан Сүйүнбаева маалымдады.

14186 16:22 21-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|