Новости

Конфуций институтунун студенттери кыргыздын улуттук баалуулуктарын көрсөтүштү

Ош мамлекеттик университетинин Конфуций институту тарабынан «Кыргыз улуттук даамдары жана улуттук оюндары” деген аталышта тайпалар аралык конкурс Ош шаарындагы Манас ата шаарчасында жайгашкан “И.Раззаков эс алуу багында” уюштурулду.

Конкуска Конфуций институтунун директору Т.Айтикеев, Кытай тарабынан директорунун орун басары Ван Тен баш болгон окутуучулар жамааты, студенттер катышышты.

Алгач окутуучулар тарабынан түзүлгөн калыстар тобу кыргыздын боз үйлөрүнүн жасалгасы, тайпалар даярдаган кыргыздын улуттук даамдары, улуттук кийимдери, мейманды тосуп алуу эрежелерине көңүл буруп, канчалык улуттук даамдарды ийинине жеткире даярдагандыктарына баа беришти, андан соң студенттер келген конокторго кыргыздын улуттук ырларын ырдап, “Манас” эпосунан үзүндү айтышып, акыркы убакта майрамдык кечелерди шаңга бөлөп келе жаткан кара жорго бийин бийлеп тосуп алышып жатты. Конкурсутун кийинки бөлүгүндө атаандаштар кыргыздын улуттук оюну болгон аркан тартыш, кол күрөш сыяктуу оюндарында күч сынашышты.

“ОшМУда Конфуций институту ачылып, студенттерге билим берип келе жаткандыгына 6 айдын жүзү болуп отурат. Биз 6 ай ичинде студенттерге билим берүү менен алардын шык жөндөмдөрүн аныктоо, таланттарын алып чыгуу, студенттердин маданий эс алуусун уюштуруу максатында түрдүү конкустарды, кечелерди өткөрүп жатабыз. Жакында эле Ош шаарында жогорку окуу жайларында кытай тили адистигинде билим алып жаткан студенттердин ортосунда кытай ырларын аткаруу, апплика́ция (фантазия менен ар түрдүү кооздуктарды) кыркуу өнөрү сыяктуу сынактарды уюштурдук. Ошондой эле кытай тилинен билим беришкен окутуучулар, кытайдан келип билим алып жаткан студенттер буга чейин биздин студенттерге кытай элинин улууттук даамдарын жасашып, даам сыздырышкан, ал эми бүгүн биз кыргыздын улуттук даамдарын жасап, улуттук оюндарын уюштуруп кытай окутуучуларына, студенттерине улуттук баалуулуктарыбызды көрсөтүү демилгеси студенттер тарабынан көтөрүлүп, окутуучулар тарабынан колдоого алынды”, -деген кытай тили жана кытай таануу кафедрасынын башчысы Мирлан Манашов конкурстун негизги максаты институттун алкагында “Жылдын мыкты тайпасын” аныктоо болуп саналын белгиледи.

Конкурстун жыйынтыгында КЛ-2 тайпасы I даражадагы диплом, КК-2 тайпасы II даражадагы диплом, КК-1 тайпасы III даражадагы диплом, баалуу белектер менен сыйланса, КЛ-1 тайпасы кызыктыруучу сыйлыкка ээ болду.

Кытай элинен келген студенттер кыргыздын даамдарынан ооз тийип, улуттук оюндарын ойноп кече жагымдуу маанай менен коштолду.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө мобилдик алмашуу программасына ылайык 11 студент кытайга 6 ай билим алууга жөнөп кетсе, Конфуций институтуна Кытайдан 10 студент келип билимин улантууда.

16699 16:15 17-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|