Новости

ОшМУда шаарды көрктөндүрүү, жашылдандыруу иш-чаралары уланууда

Бүгүн, 17-апрелде Ош мамлекеттик университетинде окутуучулардын, студенттердин катышуусундагы жалпы ишембилик уюштурулду.

Алгач бардык университеттин факультеттеринде, коллеждеринде, лицейлеринде, жатаканаларында имараттардын ичинде аудиториялар, кааналар тазаланып, гүл көчөттөрү жаңыртылса, имараттын короолору шыпырылып, бак-дарактары акталып, арыктары казылып, тазаланды. Ошондой эле окуу жайдын имараттарынын айланасында жайгашкан Ош шаарынын көчөлөрү, Новаи эс алуу багында жайгашкан Ош шаардык жашылдандандыруу чарбасына тиешелүү жерлер, Түштүк-Чыгыш кичи шаарчасындагы аймактар, Ак-Буура дарыясынын жээктери ОшМУнун окутуучулары, студентери тарабынан тазаланды.

Ал эми табият таануу география факультетинин окутуучулар жамааты жана студенттери тарабынан аталган факультеттин базасындагы ботаникалык бактан алынып келинген 1000ге жакын бадал көчөттөрү Ош шаарынын Манас ата кичи шаарчасындагы эс алуу багына, У.Салиева 40 а үйүнүнү артындагы балдар эс алуу багына, аймактык кеңеште жайгашкан 8 кварталдык комитетте жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн айланаларына отургузулуп, таштандылары тазаланды. Буга чейин 5-апрель күнү да аталган факультет тарабынан ушул эле аймактык кеңештин И.Раззаков көчөсүндөгү Семетей кинотеатрынын, шаардын түндүк тарабында жайгашкан Манас атанын эстелигинин айланасына да көчөттөр отургузулган. “ОшМУнун табият таануу жана география факультети демилге көтөрүп шаарды жашылдандыруу, көрктөндүрүү иш-чарасына активдүү катышып жатышат. Дарактарды эгүү менен гана чектелип калбай тазалоо иштерине да окутуучулар, студенттер көмөктөшүүдө”, -деген Манас ата аймактык кеңештин жооптуу катчысы Айчүрөк Каратаева Манас ата аймактык кеңешинин жашоочуларынын атынан ыраазычылык билдирди.

Бул иш-чара жаздын келиши менен Ош шаарынын аймагын жашылдандыруу, көрктөндүрүү максатында Ош шаардык мэриясынын токтомуна ылайык ОшМУнун ректорунун буйругу менен университетте жарыяланган “Жазгы эки айлыктын” алкагында ар жума сайын өткөрүлүүдө. Буйрукка ылайык үстүбүздөгү жылдын 15-мартынан 15-майына чейинки аралыкта университеттин бардык окуу имараттарын, жатаканаларын жана шаардын аймагын жакшыртуу, санитардык тазалыгын сактоо, көрктөндүрүү боюнча иш-чараларды жүргүзүшөт.

10291 14:48 17-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|