Новости

Медициналык коллеждин кыздары өрнөктүү аялдардан кеңеш алышты

ОшМУнун медициналык коллежинде “Өрнөктүү аялдар” деген аталыштагы жолугушуу кечеси болуп өттү.

Кечеде Медициналык коллеждин студент кыздары биология илимдеринин доктору, профессор Бурул Каримова жана маданият таануучу, искуство факультетинин профессору, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Тамара Кадырбаева менен жолугушуп, өрнөктүү айымдардын турмуштагы, илимдеги жолу, жетишкен ийгиликтери, бүгүнкү күндөгү аялзатына тийиштүү болгон көйгөйлүү маселелер, аялзаты кандай болуш керек, ийгиликтерди кантип багынтууга болот деген суроолордун тегерегинде пикир алышты.

Искуство факультетинин профессору Тамара Кадырбаева “Аялдарыбыз маданияттуу, кыздарыбыз адептүү болсо коомубуз да ошондой таза болот, ошондуктан кыргыздын аялзаты, ак халатчан медайым катары силердин жан дүйнөңөр таза, акылыңар тунук болушу керек. Ал үчүн биринчи кезекте өзүңөрдүн үстүңөрдөн иштеп, тазалыкты, аруулукту өзүңөрдөн башташыңар керек”, - деген кеңешин айтты. Белгилей кетсек, аталган жолугушуу медициналык колледждин аялдар кеңешинин төрайымы Гүлкайыр Орунбаева тарабынан уюштурулуп, ага ОшМУнун аялдар кеңешинин төрайымы Г.Сейитказыева, факультеттердин аялдар кеңешинин төрайымдары да катышышты.

14907 12:13 11-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|