Новости

“Зирек” балдар бакчасында Ош шаарындагы балдар бакчаларынын тарбиячыларына семинар уюштурулду

Ош мамлекеттик университетинин “Зирек” балдар бакчасында “Мектепке чейинки курактагы балдарды интерактивдүү окутуу методдору. Негизги багыттары” деген теманын астында Ош шаарындагы мамлекеттик жана жеке менчик бала бакчаларынын тарбиячыларына арналган 3 күндүк семинар болду. Семинарда Бишкек шаарынан келген педагогика илимдеринин кандидаты, мектепке чейинки билим берүү боюнча бир нече программалар боюнча тренер Касым Абылов түрдүү багытта балдар менен иштөө усулдарын семинардын катышуучуларына үйрөттү.

“Семинарды уюштуруунун негизги максаты жаш тарбиячылардын практикалык билимин өркүндөтүү, балдар бакчалары ортосунда байланышты, карым-катнашты күчөтүү болуп саналат”, - дейт семинардын уюштуруучусу, “Зирек” балдар бакчасынын директору, п.и.к, Токтайым Умурбекова.

Белгилей кетсек аталган семинар 3 күнгө созулуп 11-апрель күнү “Мектепке чейинки курактагы балдардын өнүгүү өзгөчөлүктөрү”, 12-апрель күнү “Балдарга ылайыктуу окутуу программаларын тандоо”, 13-апрель күнү “Интерактивдүү окутуу ыкмаларын колдонуу” деген темаларда өткөрүлдү. Жыйынтыгында семинардын катышуучуларына сертификаттар ыйгарылды.

Семинар ОшМУ тарабынан уюштурулуп, Ош шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан колдоого алынган.

17031 10:46 11-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|