Новости

ОшМУда “Интеллектуал жаштар” акыл-таймашы өтүп жатат

ОшМУнун 75 жылдык мааракесине карата тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан уюштурулган “Интеллектуал жаштар” акыл-таймашы бүгүн 10-апрель күнү саат 14-00до башкы корпустун чоң актылар залында башталды.

Акыл таймашына ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору А.Абдувалиев, Жаштар министрлигинин Ош облусу боюнча жетектөөчү адиси Ислам Эрмаматов, ОшМУнун педагогика факультетинин окутуучусу Семетей Амиралиев, ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы Абылкасым уулу Канатбек, факультеттердин окутуучулары, студенттери катышышты.

Таймашка Кыргыз филология жана журналистика факультетинен “Риторика”, Орус филологиясынан “Көрөңгө”, Тарых-юридика факультетинен “Максаттуу жаштар”, Бизнес жана менеджмент факультетинен “Элита”, Табият таануу жана география факультетинен “Табият таануу”, Теология факультетинен “Универсал”, Математика жана информациялык технологиялар факультетинен “Интеллектуал таланттар”, Педагогика факультетинен “Интеллигент”, Медицина факультетинин командалары, Медициналык коллежден “Акыйкат”, Финансы-юридика коллежинен “Биримдик” командалары, жалпысынан 11 команда биринчилик үчүн ат салышууда. Негизинен таймаш 4 турдан туруп, анда командалар 1-логикалык суроолор, 2-ОшМУ жөнүндө суроолор, 3-жалпы командаларга кругозордук суроолор, капитандар таймашы деген сынактарда күч сынашат.

Азыркы учурда командалардын арасында кызуу таймаш жүрүп жатат. Жыйынтыгында, жеңүүчүлөргө ОшМУнун 75 жылдыгына арналган кубок жана баалуу белектер ыйгарылат.

Фото: Р.Максытовдуку

15145 16:01 10-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|