Новости

ОшМУнун борбордук китепканасы электрондук робот сканери менен толукталды

Ош мамлекеттик университети менен Түрк кызматташтык жана Координация Агенттиги Башкармалыгынын (ТИКА) биргелешкен кызматташуусунун негизинде ОшМУнун борбордук китепканасына электрондуу робот сканер машинасы алынып келинип, орнотулду.

Аталган робот сканерди ТИКА Программаларынын Кыргызстандагы координатору Хакан Эргюн өзү келип тапшырып, мындан ары да биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууда кызматташуу ниетинде экендигин билдирди.

“Бүгүнкү заман талабына ылайыкташкан электрондуу робот сканер машинасын алуунун негизги максаты китепкананын мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, китепканада окутуучулар, студенттер тарабынан эң көп суроо-талап болгон, зарыл китептерди электрондук китепке айлантуу болуп саналат. Анткени көп өлкөлөрдүн окуу жайларында болгондо мындай апараттын жардамында аз убакыттын ичинде китептерди электрондук китепке өткөрүү мүмкүнчүлүгүн көрүп, биздин университетте да ушундай робот машинаны алууну максат кылып, ТИКА уюму менен биргелешкен долбоорду ишке ашырууга киришкенбиз, эми ошол оюбуз ишке ашып отурат. Мында китеп маданиятынын өсүүсүнө, сакталуусуна өбөлгө болуу менен, китепканабызда революциялык өнүгүү болот деген чоң ишеним бар”, -деген ОшМУнун ректору Каныбек Исаков ТИКА уюмуна ыраазычылык билдирди.

Белгилей кетсек, электрондуу робот сканер машинасы бир китепти аз буакыттын ичинде өзү барактап, электрондук вариантка өткөрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. ОшМУнун китепканасы бүгүнкү күндө ИРБИС-64 автоматташтырылган программасы менен иш алып барып келет.

Фото: Р.Максытовдуку

11906 09:54 09-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|