Новости

ОшМУда “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинин 67 саатык видео жыйнагынын бет ачары өттү

Бүгүн, 8-апрель күнү Ош мамлекеттик университетинде “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинин 67 саатык видео жыйнагынын бет ачар аземи болду.

Салтанатка “Айгине” маданий изилдөө борборунун директору Айтпаева Гульнара, Кут билим гезитинин журналисти Алыбаева Гульнара, Сибир өрөөнүндөгү Шор элинин дастанчысы Чылтыз Таннагашева, кыргыздын алп манасчылары Кубанычбек Алмабеков, Рысбай Исаков, Камиль Мамадалиев, Улан Исмаилов, Базарбай Солпуевдер катышышты.

“Биз быйылкы жылы жети дубанынын айыл жерлерин изилдеп, ал жерлердеги ыйык жерлердин картасын түзүп, илимий изилдөөлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ал эми 3 жылдан бери кыргыздын көөнөрбөс мурасы болгон “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтиги боюнча иштеп, 67 саатык видео жыйнагын чыгарууга жетиштик, анын презентациясын өткөрүп жатабыз. 7-апрель күнү Баткен облусунун Самаркандек айылында 5 мектептин окуучулары, мугалимдери менен жолугушуп келдик, бул иш-чаралардын жыйынтыктоочу бөлүгү Бишкек шаарында өткөрүлөт”, -деген “Айгине” маданий изилдөө борборунун директору Айтпаева Гульнара ОшМУнун китепканасына, кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин кафедраларына, “Манас таануу” борборуна китептерди, видео дисктерди белекке берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Шор элинин дастанчысы Чылтыз Таннагашева табият менен жуурулушкан Шор элинин улуттук дастандарынан ырдап, салтанаттын катышуучуларынын көңүлүнөн түнөк тапты. Ал эми манасчылардын баары “Манастан” үзүндү айтышып, кыргыздын манасчылык өнөрүн тартуулашты.

“Кыргыз журтчулугунда бара-бара кыргыздын манас айтуу өнөрүн аздектеген, жүрөк туюму менен уккан, маанисин терең түшүнгөн муундар тарбияланып чыгып келүүдө. Биз дайыма университетибизде ушундай интелектуалдык жолугушууларды уюштуруп, жаштар менен байланыштырып, сунуш-пикирлерин угууну салтка айлантып келе жатабыз”,-деген ОшМУнун ректору Каныбек Исаков жыйындын уюштурууучусу болгон “Айгине” маданий изилдөө борборуна ыраазычылык билдирди.

Жыйында катышкан ОшМУнун окуктуучулары, студенттери кызыктырган суроолорун берип, жагымдуу маанайдагы пикир алышуу болду.

Фото:Р.Максытовдуку

15147 14:28 08-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|