Новости

“Жатаканада жашоо керемет”

ОшМУнун 75 жылдыгына карата тарбия департаменти жана жатаканалар боюнча координатору “Жатаканада жашоо керемет” аттуу студенттик шайыр тапкычтар клубунун оюнунун финалдык беттешүүсү Ош улуттук драма театрында өткөрүлдү. Сынакка ырчы жигит Жыргалбек Чоенов, ЭлТРдин журналисти Турсун Умар сыяктуу Ош шаарындагы талантуу ырчы, журналист, куудул мырза, айымдары калыстык кылып, жыйынтыгында 1-орунду багындырган №1 жатакананын “5+1” командасы 10 миң сом сыйлыкка, 2-орунду жеңген №6 жатакананын “Үмүт” командасы 7 миң сом сыйлыкка, 3-орунга ээ болгон №2 жатакананын “2+” командасы 5 миң сом сыйлыкка ээ болуп, дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле ар бир катышкан командага кызыктыруучу 1000 сом акчалай сыйлык тапшырылды.

“ШТКны өткөрүүнүн негизги максаты жатаканада жашаган жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, юмордук сезимдерин өстүрүү, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, 75 жылдык тарыхы бар университетибиздин кадыр-баркын көтөрүү, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыт берүү иш чарасын жүргүзүү болуп саналат”, -деди ОшМУнун жатаканалар боюнча координатору Жеңишбек Элболдуев. Белгилей кетсек, мелдештин 1-туру 1-апрель күнү Ош облусунун Өзгөн районун Өзгөн шаарындагы маданият үйүндө мектеп бүтүрүүчүлөрүнө тартууланган.

Фото: Р.Максытовдуку

14365 16:35 07-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|