Новости

ОшМУда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын мектептери менен өз ара кызматташуу боюнча сөз болду

Ош мамлекеттик университетинде Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын мектептери менен өз ара кызматташуу боюнча салтанаттуу жыйыны болуп, жыйынга Бишкек шаарынан келген Билимди баалоо бөлүмүнүн адиси Чынара Батракеева, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, ОшМУ жүргүзгөн рейтинги боюнча 2013-жылы 3төн көп окуучулары бюджеттик негизде окууга өткөн 40тан ашуун мектептин директорлору, Ош шаардык били берүү бөлүмүнүнүн башчысы, Ош шаарындагы мектеп директорлору, рейтингдин жыйынтыгы боюнча эн көп окуучусу бюджетке өткөн айрым мектептердин мугалимдери, ОшМУнун окутуучулары, студенттери катышты.

Алгач келген конокторго ОшМУнун ректору, профессор Каныбек Исаков “ОшМУнун Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын мектептери менен өз ара кызматташуусунун жаңы этабы” деген темада баяндамасы менен биргеликте, 75 жылдык мааракесин белгилөө алдында турган университет жөнүндө презентация жасады. “Биз буга чейин мектеп менен жогорку окуу жайлары бири-бирибизди билим берүү тармагындагы көйгөйлөрдө күнөөлөп келсек, эми мындан ары эриш-аркак, биргеликте, чогуу чаран кызматташчу учур келди. Бүгүнкү жыйыныбыздын негизги максаты да мына ушунда турат, жыйындын жүрүшүндө ушул кызматташуу багыттарында келишимдерге кол коюулат. Аны андан ары ишке ашыруу багытында сөз болмокчу. ОшМУну ачык-айкын университет деп жарыялап, келечекке сапаттуу, жан дүйнөсү таза, өлкөбүз үчүн күйүп-жанган кадрларды даярдоо, аларга заманбап шарттарды түзүү багытында иштеп жатабыз. Бул багытта сиздердин сунуш-пикириңиздерди да угалы дегенбиз”, - деп жыйындын максаттары боюнча баяндап өттү.

Ошондой эле ОшМУнун жогорку окуу жайларга чейинки даярдоо департаментинин директору Абдумалик Омаралиев “2013-2014-окуу жылында ОшМУга гранттык орундарга өткөн студенттердин санына жараша мектептердин рейтинги” деген аталышта, ал эми ОшМУнун окуу-информациялык департаментинин директору Кудайберди Кожобеков “ОшМУдагы электрондук башкаруу жана мектептерди автоматташтыруунун жолдору” деген темада баяндамаларды жасашты.

“2013-2014-окуу жылында ОшМУга гранттык орундарга өткөн студенттердин санына жараша мектептердин рейтинги” деген баяндамада райондор боюнча салыштырып көргөндө ОшМУга Ош шаарынын мектептеринен 89 окуучу, Кара-Суу районунан 59 окуучу, Ноокат районунан 66 окуучу, Алай районунан 31 окуучу жана Өзгөн районунан 31 окуучу бюджеттик орундарды ээлегени менен алдынкы сапта турушат. Областтар боюнча караганда Баткен областынын районунун Баткен районунан 29 окуучу, Кадамжай районунан 24 окуучу, Жалал-Абад областынын Ала-Бука районунан 13 окуучу жогорку балл алып ОшМУнун студенти болушкан. ОшМУга бюджеттик негизде кабыл алынган абитуриенттердин жекече негизги тесттен топтогон балдары боюнча алынган рейтингге боюнча Ош шаарындагы «Себат» билим берүү мекемесинен окуган Насирдинова Адинай 212 балл, Ош шаарындагы Киров атындагы мектеп-гимназиясында окуган Арынов Нурмухаммед 205 балл, №20 И. Раззаков атындагы гимназиясынан билим алган Махмуд кызы Айжан 204 балл, Ош шаарындагы «Себат» билим берүү мекемесинен Маматназар кызы Насиба 203 балл, №6 А. Макаренко атындагы гимназиясынан билим алган Маслов Сергей 202 балл топтоп эң жогорку бал топтогон 5 абитуриент болуп калышкандыгы айтылды.

Жыйында келген коноктор билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары, мектеп директорлору сөзгө чыгып, билим берүү тармагында жүргүзүлүп жаткан иштерге токтолушуп, сунуш-пикирлерин айтышты.

Райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчыларына, мектеп директорлоруна жүргүзүлгөн рейтинг боюнча I, II, III даражадагы дипломдор, эстелик үчүн белектер атайын сыйлыктар тапшырылып, өз ара кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюлду.

Ошондой эле ОшМУнун башкы имаратына, окуу корпустарына, саякат жасашып, жүрүп жаткан курулуш иштери, медицина факультетинде, медициналык колледждериндеги заманбап лабораториялар менен таанышып чыгышты. “Мектеп менен ЖОЖдун мамилеси солгундап, көйгөйлүү маселелердин бири болуп турган чакта ОшМУнун жамаатынын мындай маселени көтөрүп чыккандыгыг мени абдан кубандырды. Университеттеги түзүлгөн шарттарды, электрондук башкаруу жана башка бир топ башка окуу жайларда анча байкалбай келген жагдайларды бул жерден көрүп, жетекчиликтин прогрессивдүү, демилгелүү, заман талабына жараша иштерди жасап жаткандыгын көрдүм, булар билим алууга түзүлгөн шарттар, жабдуулар, жетекчиликке болгон жамааттын мамилесинен көрүнүп турду. Мындан ары да ушул кызматташтыкты улантып, андан ары улантууга тилектешмин”, -деген Билимди баалоо борборунун адиси Чынара Батракеева быйылкы жылы жалпы республикалык тестирлөө барлык орто окуу жайларына киргилээри каралып жаткандыгын кошумчалады. Ал эми Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Козуев “Бүгүнкү иш-чара жогорку уюшкандыкта өттү. Биз мындан ары да университет менен кызматташабыз жана окуучуларыбыздын ушундай университетте окуусун улантуусун каалар элек жана ОшМУда биздин окуучулар алдыңкы студенттерден болуп билим алып жаткандыгы бизди адбан кубандырды”, -деди.

Белгилей кетсек. Жыйындын жүрүшүндө ОшМУнун ректору Каныбек Исаков аталган үч облустан пилоттук 3 мектепти тандап алып электрондук башкарууга өткөрүп, электрондук мектеп түзүп берүү жагын ОшМУ колго аларын айтты. Келген конокторго ошондой эле университеттин окутуучулары тарабынан даярдалган усулдук китептердин, мектептер үчүн даярдалган аудио-видео материалдардын жарманкеси уюштурулуп, концерттик программа тартууланды.

Фото: Р.Максытовдуку

19110 12:10 07-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|