Новости

ОшМУнун “Билим” лицейинин окуучусу Республикалык олимпиадада 1-орунду жеңип алды

Бишкек шаарында болуп өткөн окуучулардын республикалык олимпиадасында ОшМУнун “Билим” лицейинен 3 окуучу катышып, жыйынтыгында 11-класстын окуучусу Исмаилов Бекболот география предмети боюнча 1-орунду жеңип алды. Ал эми биология, химия предмети боюнча катышкан лицейдин эки окуучусу 4-5-орундарга ээ болушту.

Окуучусу 1-орунга ээ болгон “Билим” лицейинин география предметинин мугалими Тургунбаев Артурбек: “Олимпиадада Кыргызстандын 7 дубанынан эң мыкты деп табылган окуучулар күч сынашты. Ар бир предметтен эки баскычтуу сынак болуп, күчтүүлөрү биринчи күнү эле билинип калды. Ал эми биздин окуучу оозеки суроо-жооп сынагында көп упай топтоп, 12 балл айырмачылык менен 1-орунду камсыздап, КРнын Билим берүү министрлиги тарабынан жогорку окуу жайларына сынаксыз бюджеттик негизде билим алууга укук берүүчү сертификат менен сыйланды”, - деп окуучусунун ийгилигине кубанды.

“Байгелүү 2-3-орунду алууну ойлогом, бирок биринчи орунду алуу мен үчүн күтүүсүз болду. Бизге татыктуу билим берип келе жаткан “Билим” лицейинин мугалимдерине ыраазычылык билдирем, мындан ары да ОшМУнун намысын коргоого ар дайым даярмын”,-деген Бекболот Исмаилов олимпиададан кийин мугалимдери менен биргеликте «Ата-Бейит» мемориалдык тарыхый комплекси, Кыргыз улуттук тарых музейи сыяктуу тарыхый, ыйык жайларда болгондугун айтты.

Белгилей кетсек, окуучулардын дүйнөлүк олимпиадасы ушул жылдын күз айларына белгиленген.

17607 15:17 02-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|