Новости

Өзгөн шаарында ОшМУнун “Жатаканада жашоо керемети” тартууланды

ОшМУнун 75 жылдыгына карата тарбия департаменти жана жатаканалар боюнча координатору тарабынан жатаканалар аралык өткөрүлүүчү “Жатаканада жашоо керемет” аттуу студенттик шайыр тапкычтар клубунун оюну 1-апрель күнү Ош облусунун Өзгөн районун Өзгөн шаарындагы маданият үйүндө мектеп бүтүрүүчүлөрүнө тартууланды.

“ШТКны өткөрүүнүн негизги максаты жатаканада жашаган жаштардын маданий эс алуусун уюштуруу, юмордук сезимдерин өстүрүү, сергек жана активдүү жашоо образын чагылдыруу, ОшМУнун жатаканалар арасындагы достук мамилени чыңдоо, жаштар арасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, таланттуу студенттерге коомчулуктун көңүлүн буруу жана моралдык дем берүү. 75 жылдык тарыхы бар университетибиздин кадыр-баркын көтөрүү, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесипке багыт берүү иш чарасын жүргүзүү болуп саналат”, -деди ОшМУнун жатаканалар боюнча координатору Жеңишбек Элболдуев.

Иш-чаранын алкагында мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ОшМУнун 75 жылдык тарыхы жөнүндө роликтер көрсөтүлүп, факультеттер, колледждер, лицейлер тууралуу маалыматтар айтылды, ошондой эле ар бир мектеп окуучуларына ОшМУнун "Нур" гезити, атайын маалымат баракчалары таркатылды.

Белгилей кетсек, аталган “Жатаканада жашоо керемет” аттуу студенттик шайыр тапкычтар клубунун оюнунун жалпы сыйлык фонду 26 000сомду түзөт. Оюндун жыйынтыктоочу бөлүгү 3-апрель күнү саат 13:00дө С. Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында өткөрүлөт. Мындай кесипке багыт берүүчү иш чаралар буга чейин Жалал-Абад, Кызыл-Кыя шаарларынын мектеп бүтүрүүчүлөрүнө да тартууланган.

17026 15:46 01-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|