Новости

Эми ОшМУнун окутуучулары сергек жашашат

Ош мамлекеттик университетинин башкы имаратында окутуучу-кызматкерлер үчүн “Ден соолукту чыңдоо жана калыбына келтирүү” борбору ачылды.

Ачылуу аземине университеттин ректорат жана профсоюз комитети, окутуучулары катышып, жумуштан кийин окутуучу-кызматкерлердин ден соолугун чыңдоону максат кылган борбордун иши илгерилеп, ар дайым ден соолукту чыңдап, ОшМУнун жамаатына кызмат кыла берүүсү айтылып, аксакалдар ак бата беришти.

“ОшМУнун ректору Каныбек Исаковдун идеясы, сунушу менен даярдалып, колдонууга берилген борбор эки каанадан туруп, биринде машыгуучу зал болсо, экинчисинде стол тенниси жайгашкан. Борборго бүгүнкү күндө веломашыктыруучу, чуркоочу жол (беговая дорожка), аялдар, эркектер үчүн гантеллдер, пресс-стол, 30 түрдүү көнүгүүлөрдү жасоого ыңгайлашкан универсалдуу тренажер сыяктуу бир топ спорттук инвентарлар, стол теннистери коюлган жана машыгууну каалаган агай-эжекелер үчүн толук шарттар түзүлгөн”, -деди административдик –чарба иштери боюнча проректору Алтынбек Зайнидинов.

Белгилей кетсек, буга кошумча профсоюз комитети тарабынан да жетишпеген инвентарлар сатылып алынмакчы, ошондой эле аталган борбордо атайын инструктор иш алып барып, ден соолукту чыңдоону каалаган окутуучуларга кеп-кеңештерин берип турмакчы.

Фото: Р.Максытовдуку

13635 10:13 01-04-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|