Новости

ОшМУнун Жаштар комитети студенттерге тил курстарын уюштурууда

Ош мамлекеттик университетинин тарбия департаменти жана жаштар комитети тарабынан студенттерге арналган тил курстары уюштурулууда. 14-марттан 16-майга чейинки аралыкта каалоочу студенттерге “орус тили” боюнча жуманын дүйшөмбү, шаршемби, жума күндөрү саат 16-00дөн 18-00 чейинки аралыкта сабактар өтүлүүдө.

“Биздин мындай курстарды уюштурганыбыздын негизги максаты орус тилин үйрөнүүнү каалоочу студенттерге жардам берүү, алардын бош убактыларын үнөмдүү пайдалануусуна салым кошуу, студенттер арасында көп тилдүүлүк саясатын жүргүзүү, достук мамилени чыңдоо, жаштар комитети тарабынан ар тараптан жаштарды колдоо болуп саналат. Ошондой эле каалоочуларды аталган курска чакырабыз, курс акысыз”, - дейт ОшМУнун жаштар комитетинин төрагасы Абылкасым уулу Канат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө аталган “орус тили” курсунда 20 ашуун студенттерге жаштар комитетинин окуу курстары боюнча адиси Жаннат Усканбаева орус тилинин фонетикасы, грамматикасы, сүйлөө речи боюнча сабактарды өтүүдө.

15430 17:44 31-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|