Новости

ОшМУда Элдик апрель революциясынын төртүнчү жылдыгына карата иш чараларды өткөрүлүүдө

Ош мамлекеттик университетинде “7-апрель – Элдик революция жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Элдик апрель революциясынын төртүнчү жылдыгына карата иш чараларды өткөрүлүүдө. 24-марттан 4-апрелге чейинки аралыкта аталган иш-чаранын алкагында тарых-юридика факультетинин окутуучулары тарабынан университеттин математика жана информациялык технологиялар, кыргыз филологиясы, бизнес жана менеджмент, медицина, табият таануу жана география факультеттеринин имараттарында жакын аралыкта жайгашкан бардык факультеттердин студенттеринин катышуусунда лекциялык, семинардык сабактар, тегерек столдор, талкуулар уюштурулууда.

“Эгемендүү жылдарыбызда эки чоң саясий окуя болду, бул боюнча түрдүү пикирлер бар, биз тарыхчы катары бардык факультеттердин студенттерине ачык сабак, семинар, талкууларды уюштуруп, маалымат берип жатабыз. 7-апрель күнү “Март, апрель революциясынын сабактары” деген темада окутуучулар, студенттердин катышуусунда тегерек стол өткөрөбүз. Коомдо саясатчылардын, жарандардын ортосунда бул революциялар тууралуу ар түрдүү кайчы пикирлер бар, биз ушул окуялар жөнүндө тарыхчы катары обьективдүү, илимий-методологиялык негизде маалымат берүүгө аракет кылып жатабыз” – деди тарых-юридика факультетинин кыргызстандын тарыхы кафедрасынын окутуучусу С.Смадияров.

Ошондой эле тиешелүү факультеттерде жайгашкан китепканаларда бул окуяга байланышкан көргөзмө бурчтар уюштурулуп жаткандыгын аталган иш-чаранын уюштуруучусу ОшМУнун илимий иштер боюнча проректору Т.Жумабаева маалымдады.

14010 12:38 29-03-2014

                 

Новости

|< 1 2 3 4 5 >|